Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Президент айрым депутаттар "элди бөлүп-жарууга" аракет кылганын айтты

Президент Садыр Жапаров 11-мартта Жогорку Кеӊеште жасаган билдирүүсүндө депутаттарды “элди бөлүп-жарбоого” чакырды. Мамлекет башчы акыркы беш жылда өлкөдө түндүк-түштүк деп бөлүнүүнү жок кылуу үчүн акимдерди, сотторду ротация кылып, ал жыйынтыгын берип жатканын айтты.
“Жакында Жогорку Кеӊеште бир окуя болду. Аны баарыӊыздар жакшы билесиздер. Айрым депутаттар “тигил тарап, бул тарап” деп бөлүүгө аракет кылышты. Бирок убагында токтотуп калдык. Мага элдин элегинен өтүп шайланып келген эл өкүлдөрү сиздер ушинтип отурсаӊыздар карапайым эл каякка барат деген ой келди”, - деди ал.
Садыр Жапаров мындан ары бөлүп-жарууга жол берилбеши керектигин, мындай аракеттер мамлекеттүүлүккө коркунуч келтире турганын кошумчалады.


Быйыл 9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, кайрылууда аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевди жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин ал парламенттен сыртка чыкканын айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
Акыркы саясий окуялардын фонунда Нурланбек Тургунбек уулу, Кундузбек Сулайманов, Элдар Сулайманов, Куванычбек Конгантиев өздөрү жазган арыз менен депутаттык мандатынан ажыратылды. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus