Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Мэр Жунушалиев Конгантиевдин мүлктөрү жөнүндө тараган видеого комментарий берди

Бишкек шаардык кеңешинин айрым депутаттары муниципалдык мүлктү өз кызыкчылыгына пайдаланган учурлар көп деген пикирин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Азаттыкка» курган маегинде Жогорку Кеңештин экс-депутаты Куванычбек Конгантиевдин шаарда 100дөн ашык мүлкү бар экени тууралуу маалыматка комментарий берип жатып билдирди.

Жунушалиев 2025-жылдын 30-январында шаардык кеңештеги «Жаңы Күч» фракциясынын депутаттары менен кайым айтышууда айтылган мүлк тууралуу маалыматтарды эске салды. Андагы депутаттарга тиешелүү ижарага алынган тогуз жер тууралуу фактылар реалдуу жагдайдын 10-15% эле экенин, алар укук коргоо органдарына берилгенин белгиледи.

«Мен расмий жарыя кылгандан кийин, ал маалымат укук коргоо органдарына да берилет, алар текшерүү жүргүзүшү керек. Бирок, калыстык үчүн айтып коёюн, бир гана депутаттар боюнча эле берген эмеспиз. Андан сырткары, «ошол мэрияда болгон жетекчиликтин да үстүнөн карагыла» дегенбиз. Кайсы муниципалдык мүлк ижарага же менчикке чыгып кеткен болсо, ошонун баарын мыйзам алкагында тууган-уругубузга чейин карап чыккыла дегенбиз. Карап, иликтеп чыккыла, эгер ошондой көрүнүштөр болсо, анда чаралар көрүлүшү керек. Мүлктөр мэриянын менчигине кайтарылып берилиши керек. Себеби, биз салыктык эмес кирешелерди да көбөйтүшүбүз керек. Ижараны эле көтөрбөстөн, базаны дагы кеңейтиш керек деген максатта биз ошондой талап койгонбуз. Бүгүн ушундай видеолор чыгып же кандайдыр бир иш-аракеттер көрүлүп аткан болсо, анда ошол иштердин уландысыбы же системдүү жүрүп аткан иштин алкагында болуп жатабы деген ой. Бизде башка маалымат жок. Биз өзүбүздүн мыйзам алкагында болгон укугубузду колдонуп, маалыматтарды бергенбиз. Ошону менен кетип атат».

Буга чейин фракциянын жыйынында депутат Максат Токтогулов муниципалдык жерди шаар бийлигинен айына 66 миң сомдон ижарага алып, кайра 9 миң долларга субижарага берип иштеткени тууралуу маалымат айтылган болчу. Ал кезде фракция лидери болуп турган Куванычбек Конгантиев мыйзамсыз иштер болсо укук коргоо органдарына кайрылууну сунуш кылган.

Конгантиевге таандык делген мүлктөр тууралуу видеодо ал Бишкек шаардык кеңешинде депутат жана жер комиссиясынын жетекчиси болуп турганда борбордогу бир катар жерлерди арзан баада ижарага алып, кийин менчикке чыгарып, көп кабаттуу үйлөрдү, ар кандай коммерциялык имараттарды салганы айтылат. Аларды апасына жана жакындарына каттатып койгону тууралуу сөз болот.

“Азаттык” бул видео боюнча комментарий алуу үчүн Куванычбек Конгантиевге байланышканда кийинчерээк телефон чалып коёрун айтып, ошол бойдон байланышка чыга элек.

Мэр Жунушалиев муниципалдык кызматкерлер менен депутаттардын өз ыйгарым укуктарын же таасирин пайдаланып шаар мүлкүн мыйзамсыз колдонуу фактылары байкалса, алар чарасыз калбай турганын айтты.

Аткаминерлердин муниципалдык мүлктү өз кызыкчылыгыгына иштетип атышында мэрдин да катышы болушу ыктымал деген талкууларга жооп берген Айбек Жунушалиев андай иштер тууралуу билгенин укук коргоо органдарына берип жатканын айтты. Өзүнүн же жакын туугандарынын катышы аныкталса, мыйзам алдында жооп берүүгө даярдыгын билдирди.

«Биз келгенден эле Бишкек шаардык кеңеши менен ушуга окшогон тиреш, талаш-тартышыбыз ошонун эле алкагында болуп келатат. Биз ошондо да айттык, «аткаруу бийлигинин иштерине кийлигишпегиле, ар бир жетекчини мажбурлап, өзүңөрдүн кызыкчылыгыңардагы маселени чечпегиле, шаарды ойлойлу» деп бир нече жолу айтканбыз. Биз ошол талаптарды сактап келебиз жана позициябызда турабыз».

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus