Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Коргонбай уулу Шаирбек Ташиев менен казино боюнча сүйлөшкөнүн ырастады

Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин азыркы депутаты Шаирбек Ташиев менен кумарканага көп суммадагы каражат уттуруп жибергени тууралуу сүйлөшүү болгонун “Азаттыкка” ырастады. Ал суроолорго жооп берип жатып Интернетке тараган видеону өзү да көргөнүн, бирок сүйлөшүү качан, кайсыл жерде болгону эсинде жок экенин айтты.

“Качан сүйлөшкөнүбүз эсимде жок. Бирок сүйлөшкөнбүз. Видеону көрдүм. Каякта болгон билбейм. Бирок бир жерде сүйлөшүү болгон. Мен эми жалган сүйлөмөк белем. Болгонун-болгондой да”, - деди ал.

10-мартта социалдык тармактарда “Жусупбек Коргонбай уулу менен Шаирбек Ташиевдин кумаркана боюнча” сүйлөшүүсү делген тасма тараган. Эки мүнөттөн ашык видеодо Шаирбек Ташиевге окшош адамды көрүүгө болот. Анын маӊдайындагы адам Жусупбек Коргонбай уулу экени жазылган. Бирок анын бети-башы көрүнгөн эмес.

Тасмада Жусупбек Коргонбай уулу делген киши Шаирбек Ташиев экени көрсөтүлгөн адамга казиного 1 млн 350 миӊ доллар уттуруп жибергенин айтып жатканын көрүүгө болот. Шаирбек Ташиев делген киши сумманы тактап, “1 млн 320 миӊ доллар” деген.

Жусупбек Коргонбай уулу деп көрсөтүлгөн адам “кийин ага кримтөбөл Камчы Көлбаев чалып “Грузиядан акча уттуруп келиптирсиӊер, жолугалы” деп айтканын, ага жолукканын билдирген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев да чалып, анын буйругу менен депутаттык мандатын тапшырганын сүйлөгөн.

Видео качан жана каякта тартылганы белгисиз. Шаирбек Ташиев бул тасма тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Жусупбек Коргонбай уулу Жогорку Кеӊештин VII чакырылышынын депутаты болгон.

Шаирбек Ташиев 2021-жылы Жогорку Кеңешке Жалал-Абад бир мандаттуу округунан депутат болуп шайланган. 2025-жылы Манас шаарынын жана Сузак районунун бир бөлүгү кирген округдан кайрадан утуп келип, мандат алды. Ал мурдагы вице-премьер-министр, УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus