Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Казакстандыктар Конституция тууралуу жазган посттору өчүрүлүп жатканын билдиришти

Казакстандык журналисттер жана коомдук ишмерлер Инстаграм жана Фейсбук социалдык тармактарына ээлик кылган Meta компаниясы алардын жаңы Конституция жана референдум тууралуу постторун жапырт өчүрүп жатканын билдиришти.

YouTube платформасындагы JURTTYN BALASY каналынын автору Мурат Данияр анын баракчасына чабуул болгонун, бир жылдагы посттору жоголгонун Инстаграмга жазды.

Ал ошондой эле постторуна Giorgio Armani деген ысымдагы колдонуучу даттанганын кошумчалады. Адвокат Мурат Адам Orda.kz басылмасынын негиздөөчүсү Гүлнар Бажкенованын ишине байланышкан бардык посттору өчүрүлгөнүн айтты.

Respublika.kz.media сайты 57 материалы алынганын билдирди. Редакциянын маалыматына ылайык, өчүрүлгөн материалдардын саны 100гө жетти, башкы редактор Ирина Петрушованын жеке баракчасы да жабыркады. Арасында Казакстандын мурдагы премьер-министри Акежан Кажегелдин Bild гезити менен интервьюсу, жаңы Конституцияны сындагандарды куугунтуктоо тууралуу жана башка макалалар бар. Мурат Адам жана басылманын өкүлдөрү материалдар менен посттор Giorgio Armani деген колдонуучунун даттанууларынан кийин өчүрүлгөнүн айтышты.

Meta компаниясы казакстандыктардын билдирүүлөрүн комментарийлеген жок.

Буга чейин журналист Лукпан Ахмедьяров YouTube платформасындагы каналын жана Инстаграмдагы аккаунтун өчүрүшкөнүн бир нече жолу айтып келген.

Жаңы Конституциянын долбоору 15-марттагы элдик референдумга алынып чыккан. Конституциялык реформа жарыялангандан кийин жаңы редакцияга каршы чыккандарга айып пул салынганы жана камалгандар тууралуу маалымдалып жүрөт. Кылмыш иш козголгон учурлар да бар.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus