Жогорку сотто 10-мартта журналист Махабат Тажибек кызынын иши боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу отурум өтүүдө. Алгачкы отурум 2-февралда эле өтмөк. Демократия жана сөз эркиндигин коргогон эл аралык уюмдар аны бошотууга чакырууда. Бийлик өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин билдирүүдө.