Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Байсалов БУУнун кийинки башкы катчысы аял болушу керек экенин айтты

Кыргызстан Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) кийинки башкы катчысы аялдардан шайланышы керек деп эсептейт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында өтүп жаткан Аялдардын абалы боюнча комиссиянын 70-сессиясында билдирди:

"БУУнун тарыхында уюмду бир да жолу аял башкарбаптыр. Бул жөн эле символизм маселеси эмес, ишеним жана аброй маселеси. Бүт дүйнөнү гендерлик теңчиликти өнүктүрүүгө чакырган мекеме да бул милдеттенмени өзүнүн жетекчилигинин эң жогорку деңгээлинде көрсөтүшү керек".

Байсалов ошондой эле Кыргызстан гендердик теңчиликти илгерилетүү, аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоо жана аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жана башка эл аралык милдеттенмелерди аткарып жатканын билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Байсалов президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги менен мамлекет мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана аялдарга карата зомбулукка каршы чечкиндүү күрөшүү боюнча ырааттуу саясат жүргүзүп жатканын, Кыргызстан мыйзамдарды жана коргоо механизмдерин өркүндөтүүнү улантып келатканын белгиледи.

Кыргызстан Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун глобалдык индекси (WPS) боюнча эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылган. Бул рейтингде 2023-жылы Кыргызстан 177 өлкөнүн арасынан 95-орунду ээлеген. Ал эми 2021-жылы талдоого алынган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунга түшкөн.

Кыргызстанда жыл башынан бери бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан көз жумду. Бишкектеги балдар дарыгери, 28 жаштагы Айгүл Зибированын сөөгү батирлердин биринде 2-январга караган түнү табылган. Жакындары ошол учурда анын жанында чогуу иштеген мурунку жигити болгонун билдиришкен. 3-январда Сузакта да 28 жаштагы келин күйөөсүнүн колунан каза болгон. Марттын башында Ноокатта 21 жаштагы келиндин сөөгү асынган абалда табылган. Маркум келин ошол күнү апасына Вотсаптан "күйөөсү дагы уруп жатканын" жазганга үлгүргөн.

2025-жылдын 11 айында (январь айынан ноябрь чейин) Кыргызстанда ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (2024-жыл 15 миң 675 факты катталган) 27,5% же 4320 фактыга көп.(ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus