Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам умрага убактылуу чектөө киргизилди
Жакынкы Чыгышта абал курчуганына байланыштуу кыргыз жарандарынын умра сапарына – кичи ажылыкка баруусуна убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы – муфтият кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, 7-мартта дин башкармалыкта жыйындар залында Коргоо кеңешинин катчысынын, Тышкы иштер министрлигинин, Президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин, Жарандык авиация мамлекеттик кызматынын, авиакомпаниялардын жана туристтик компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңири форматта жыйын өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын мамлекеттик органдары көрүп жаткан ыкчам чаралар тууралуу маалымат берилди. Тараптар кырдаал жөнгө салынганга чейин Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугу биринчи кезекте камсыздалышы зарылдыгын белгилешти.
Сауд Арабиясы падышалыгына сапар алган кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу, айрыкча умра зыяратын өтөө үчүн барып калып кеткен жарандарды мекенге кайтаруу маселелери талкууланды.
Жыйындын соңунда абал турукташканга чейин Кыргызстандын жарандарынын умра сапарына баруусуна убактылуу чектөө киргизүү жана туристтик компаниялар менен авиакомпанияларга кырдаал турукташканга чейин умрага барбоону сунуштоо тапшырмалары коюлду.
Учурдагы абалга жараша ыңгайлуу аба жолдору менен “Жазира”, “Флайнас”, “Эйр Арабия” жана башка авиакомпаниялар аркылуу токтоп калган каттамдарды кайра жандандыруу аракеттери башталды.
Муфтият 3-марттагы кайрылуусунда кыргызстандыктарды Перс булуңундагы кырдаал жөнгө салынганча кичи ажылыкка баруудан карманып турууга чакырган.
Тышкы иштер министрлиги учурда кырдаал курчуп турган Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин 2-мартта кабарлаган. Анын ичинен 10 миңге жакын кыргызстандык Бириккен Араб Эмирликтеринде. Катарда 800дөй, Сауд Арабиясында 5 миңден ашуун жана Израилде 100гө жакын кыргыз жараны бар. Мындан тышкары Кувейт, Бахрейн жана Иорданияда жүргөндөр миңге чукул.
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 7-мартта Жакынкы Чыгыштагы мекендештерди алып келүү президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө экенин белгилеп, бул иштер уланып жатканын билдирген. Ал Катарда калып кеткен 134 жаран Сауд Арабиясы аркылуу Кыргызстанга 8-мартта учуп келерин тактаган.
Ага чейин Бириккен Араб Эмирликтеринен эки каттам менен 260 кыргызстандык, Сауд Арабиясынан 210 кыргызстандык Бишкекке жана Ошко жеткирилген. Омандан 85 кыргызстандык алып келинди.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен согуштук операциясы 28-февралда башталган. Иран ага жооп катары Израилди эле эмес, чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөрдүн аймактарына абадан сокку уруп жатат. (ErN)