Бишкекте айдоочулар катышкан мушташка байланыштуу үч киши кармалды
Бишкек шаарынын Элебесов жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишиндеги айдоочулар катышкан мушташка байланыштуу үч киши кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Свердлов районунун ички иштер бөлүмү кабарлады.
Коомдук тартипти бузуу фактысы боюнча 1994-жылы туулган М.С., 1990-жылы туулган О.Ж. жана 1992-жылы туулган А.К. аттуу жарандар милицияга жеткирилип, материалдар райондук башкармалыктын Коомдук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилген. Андан соң Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренесинде (майда бейбаштык) каралган укук бузууну жасагандыгы үчүн алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Милиция коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин бузгандыгы үчүн тиешеси бар адамдарга Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында катуу чаралар көрүлөрүн эскертет.
Окуянын видеосун блогер Эртай Исаков 7-март күнү жарыялаган. Анда жол талашып кеткен айдоочулар жана алардын шериктери жол четинде мушташып жатканы тартылган. (ErN)