Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

HRW: Кыргызстанда майыптыгы бар кыз-келиндер зомбулукка жана басмырлоого көп кабылууда

Кыргызстанда майыптыгы бар кыз-келиндер куугунтукка, сексуалдык зомбулукка, ур-токмокко жана ошондой эле экономикалык басмырлоого көп дуушар болууда. Бул тууралуу эл аралык укук коргоочу Human Rights Watch уюму 8-март — Эл аралык аялдар күнүн утурлай жарыялаган билдирүүсүндө белгиледи.

Уюмдун маалыматына караганда, акыркы бир жылда кыргыз бийлиги майыптыгы бар аялдарды коргоо жана алардын укуктарын камсыз кылуу боюнча бир катар мыйзамдык өзгөртүүлөрдү кабыл алды. Бирок зомбулукка каршы коргоо жана адилеттикке жетүү мүмкүнчүлүгү дагы деле жетишсиз бойдон калууда.

HRW уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева майыптыгы бар аялдардын үнү көп учурда угулбай, алардын арыздары олуттуу кабыл алынбай турганын белгиледи.

2025-жылы майыптыгы бар аялдардын Equality аттуу жарандык уюму жүргүзгөн изилдөөдө Кыргызстандагы жети аймактан 150 аял сурамжылоого алынган. Анын жыйынтыгында катышуучулардын дээрлик 93% зомбулуктун кандайдыр бир түрүнө туш болгонун айтышкан. Сурамжылоого катышкандардын ичинен 140 аял психологиялык зомбулукка, 80 аял куугунтукка, 70 аял экономикалык басмырлоого, 60 аял уруп-сабоого, 40 аял сексуалдык зомбулукка кабылганын айткан.

Ошол эле учурда болгону сегиз аял гана полицияга же медициналык кызмат үчүн ооруканага кайрылган. Көпчүлүгү укук коргоо органдарына ишенбестигин, коомдук айыптоодон коркушарын жана укуктары тууралуу маалыматтын жетишсиз экенин белгилешкен.

Уюм ошондой эле майыптыгы бар аялдардын адилеттикке жетүүсүндө олуттуу тоскоолдуктар бар экенин белгиледи. Маселен, сот жараяндарында жаңдоо тилин колдонуу дээрлик жок.

2025-жылы президент Садыр Жапаров майыптыгы бар адамдарга каршы сексуалдык зомбулук үчүн жазаны күчөткөн мыйзамга кол койгон. Ошондой эле август айында «Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзам кабыл алынып, ал өлкөнүн мыйзамдарын Бириккен Улуттар Уюмунун тиешелүү конвенциясына шайкеш келтирген.

Бирок HRW уюму мыйзамдар кабыл алынганы менен алардын иш жүзүндө аткарылышы али жетишсиз экенин белгиледи.

«Майыптыгы бар аялдар жана кыздар өз үйүндө, коомдо жана мыйзам алдында коопсуз болушу керек», — деди Султаналиева.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus