Президенттин ырайымы менен абактан бошогон Даниел Ажиев кайра кармалды. Ал өткөн айда абактан чыккан болчу. Ажиевдин апасы уулу мындан ары социалдык тармактарга чыкпай, жүрүм-турумун оңдой турганын айткан. Бирок анын абактан тик учак менен кетиши коомдо талкуу жараткан.