Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Азербайжан Ирандан дипломатиялык кызматкерлерин чыгарып кетерин билдирди

Расмий Баку Ирандан өзүнүн дипломатиялык кызматкерлерин чыгарып кетет. Бул Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов билдирди.

«Бул процесс Тегерандагы элчиликке да, Тебриздеги башкы консулдукка да тиешелүү. Азыр бул багытта тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат», — деди Байрамов маалымат жыйынында.

Министр аймактагы учурдагы кырдаалды эске алып, адамдардын өмүрүн коркунучка салууга болбой турганын белгилеп, кызматкерлерди эвакуациялоого даярдык көрүлүп жатканын айтты.

5-мартта Азербайжандын Нахчыван аймагына төрт дрон менен чабуул жасалганы кабарланган. Бийликтин маалыматына караганда, алардын бири аэропорттун терминал имаратына тийсе, экинчиси Шекерабад айылындагы мектептин жанына кулаган. Чабуулдан төрт адам жаракат алган.

Баку бул окуя үчүн Тегеранды жооптуу деп атады. Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги жана Коргоо министрлиги жооп чаралары көрүлүшү мүмкүн экенин эскертип, Ирандын Бакудагы элчисине нааразылык нотасын тапшырды. Президент Ильхам Алиев бул окуяны «теракт» деп атап, Ирандан расмий түшүндүрмө берүүнү, кечирим суроону жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылды.

Ал эми Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы дрондорду учурууга өлкөнүн тиешеси жок экенин билдирди. Алар тараткан маалыматта Иран «бардык өлкөлөрдүн, айрыкча мусулман жана коңшу мамлекеттердин суверенитетин урматтайт» деп белгиленген.

Иран тарап бул чабуул үчүн Израилди жооптуу деп атады. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Жейхун Байрамов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, иран тарап жана аскерлер бул окуя боюнча иликтөө баштаганын маалымдады.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus