Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Франция АКШга Истрес авиабазасын колдонууга уруксат берди

Франциянын Американын согуштук эмес учактарына өлкөдөгү Истрес авиабазасын "операциялык колдоо көрсөтүү үчүн" колдонууга уруксат берилгенин билдирди.

Аскердик жетекчилик белгилегендей, бул учактар Иранга каршы соккуларга катышпай турганы боюнча "толук кепилдик" алынган.

"Франция бул учактар АКШнын Ирандагы операцияларына эч кандай катышпашы керек деген талап койду. Алар аймактагы өнөктөштөрдүн коргонуу аракеттерин гана колдошу керек. Бул боюнча толук кепилдик алынды", - деп айтылат Башкы штаб тараткан билдирүүдө.

Истрес–Ле Тюб авиабазасы Марсель шаарынын түндүк-батышындагы ири аскердик объект. Мурда АКШ күчтөрү бул базаны француз жана америкалык аскерлеринин биргелешкен миссиялары учурунда колдонуп келген.

"Жакынкы жана Ортоңку Чыгыштагы америкалык аскердик операциялар үчүн француз базалары колдонулган жок", -деп Франциянын коргоо министринин орун басары Алис Руфо дагы бир ирет тактады.

Эки күн мурда Франциянын президенти Эммануэл Макрон АКШ менен Израилдин Ирандагы аскердик операциялары "эл аралык укуктун чегинен тышкары жүргүзүлдү" деп айткан.

28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы ири масштабдагы операция баштаган. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, бир катар ракеталык объектилер жана аскердик инфраструктура бутага алынган.

Иран жооп иретинде Перс булуңундагы бир нече мамлекеттеги АКШ аскер базаларына ракеталык сокку урду.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus