Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Өздөрүн "күч кызматкерибиз" деп, 11 млн сомго алдап кеткен шектүү топ камакка алынды

20-февралда Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына (РИИБ) шаар тургуну кайрылып, белгисиз бирөөлөр 11 млн сомдон ашуун акчасын алып кетишкенин билдирген.
РИИБдин басма сөз кызматы кабарлагандай, арыз ээси шектүүлөр WhatsApp аркылуу чалып, өздөрүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жана Улуттук банктын кызматкерибиз деп тааныштырышканын, "акчаңыздын коопсуздугун камсыздап беребиз" деп алдап, 11 млн 275 миң сом акчасын өздөрүнө котортуп алышканын айткан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иш-чарасынын жыйынтыгында милиция кызматкерлери шектүүлөрдү аныктап, кармашты. Алар дропперлик (уурдалган каражаттар булар аркылуу чет жакка чыгарылып кетет) кызматты аткарып келишкен.

Кармалгандар - 19 жаштагы Т. К., 20 жаштагы А. М. жана 23 жаштагы А.К., аттуу жарандар Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды да аныктоо иштери жүрүп жатат.
Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) кызматкерлери дагы бир шылуундукка шектүү жаранды кармашты. 39 жаштагы С. Ч. аттуу жаран Lalafo тиркемесине батирди ижарага берүү жөнүндө жарыя жайгаштырып, арыз ээсинин ишенимине кирип, алдоо жолу менен депозит төлөө шылтоосу аркылуу 12 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алган. Көрсөтүлгөн акча каражаты «Bionex» төлөм системасы аркылуу которулган. Андан соң байланышка чыкпай, өз милдеттенмелерин аткарган эмес.

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") беренеси менен кылмыш иши козголду. Кармалган жаран милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды.(ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus