Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ишкер Жолдошалиев Ташиевдин уулу Таймурасты ачык дебатка чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Бакыт Төрөбаевдин иниси, экөөнүн сүйлөшүүсү деген аудио социалдык тармактарга тараган Эркин Жолдошалиев билдирүү жасады. Ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурасты ачык дебатка чакырды.

Сөз буга чейинки сүйлөшүүдө айтылган Манас шаарындагы заводдун сатылышы тууралуу болгон. Анын мурдагы ээси Жолдошалиев башында заводду сатуу ниети болбогонун, Ташиев аны күчкө салып саттырганын айткан.

“Ал жерде көптөгөн адам иштейт эле, салыгы төлөнүп жаткан. Силер мага байланышка чыкканда академияга унаа токтоткону жай керек болуп жатат деп айткансыңар. Мен сага эки-үч жолу кайрылганыңда бул жерди сатпаймын деп айткам. Бирок күчкө салып, мен сатууга аргасыз болдум. Заводду бузуп кетем десем буздуртпай койдуңар. Мен аны башка жерге көчүрүп, кайра иштетишим керек болчу. Сен акчаны берсеңиз кайтарып берем деп жатасың. Мен даярмын. Келишимде көрсөтүлгөн акчаны берем, сен мага заводду, дүкөндү ордуна коюп бер”, - деген Жолдошалиев.

Ал Кыргызстанга кайтып келгенин да кошумчалаган.

Өткөн айда социалдык тармактарда Бакыт Төрөбаев менен Эркинбек Жолдошалиевдин телефон аркылуу сүйлөшкөн аудиосу жарыяланган. Жолдошалиев Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиевге мүлкүн тарттырып жибергенин айткан. Ал Таймурас Ташиев заводдун жерин гана сатып алганын, миллион доллар убада кылып, бирок бербей койгонун, заводду бузуп кетерин айтса да бербей койгонун белгилеген.

Таймурас Ташиев бул тууралуу “Регион” каналына түшүндүрмө берип, ал жерди тартып алган деген дооматты четке каккан. Ал заводдун жерин 470 миң АКШ долларына сатып алганын жана ал жердеги темир жана түтүктөрдү алып чыгып кетишкенин айткан.

Бул боюнча Бакыт Төрөбаев да үн катып, Эркин Жолдошалиевдин жерин сатып алуу боюнча ага Камчыбек Ташиев өзү кайрылганын айткан. Кийин соода ишине аралашпаганын тактаган.

32 жаштагы Таймурас Ташиев Камчыбек Ташиевдин улуу уулу. Ал "Томас и Ко" компаниясынын директорунун орун басары. 2021-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан депутат болуп шайланган. Көп өтпөй мандатынан баш тарткан.

Эркин Жолдошалиев ишкер, 2021-жылы ноябрда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон. Бакыт Төрөбаевдин бир тууган агасынын уулу.

Сөз болуп жаткан аудио социалдык тармактарда 23-февралда тараган. 24-февралда Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кызматынан кеткен.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus