Азамат Марипов үч жылдык пробация менен абактан чыкты
Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси Кудрет Тайчабаровдун иниси Азамат Марипов эркиндикке чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын жакындары билдирип, Жогорку сот 3-мартта Азамат Мариповду коюлган кине боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробация менен абактан бошотконун кабарлашты. Андан тышкары ага 50 миӊ сом айып пул салынган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 6-октябрда Азамат Мариповду Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренелери менен күнөөлүү деп таап, алты жылга эркиндигинен ажыраткан. Кийин өкүмдү Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Азамат Мариповду 2025-жылдын март айында кармап, ага козголгон иш тууралуу маалымат берген эмес.
Азамат Марипов Фейсбуктун активдүү колдонуучусу. Ал буга чейин социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровду, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди ачык колдогон билдирүүлөрдү жазып жүргөн.
2024-жылы апрель айында өздөрүн “Мекенчил” партиясынын тарапкерлери деп атаган дагы беш киши менен кошо Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренеси менен кармалып, сентябрь айында “алардын аракетинде кылмыштын курамы жок” деген негиз менен баары тең акталган.
Азамат Марипов бул иш боюнча бир нече жолу кайрылуу кылып “президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев ага чагымчыл аракеттерди көргөнүн, анын адамдары ашканага тыңшоочу аппарат койгонун” айтып видео кайрылуу жасаган. Ал “Каныбек Туманбаевге жакын адамдар буга чейин “Мекенчил” партиясында жүргөн бир нече адамга чагымчылык кылып, карматууга аракет кылган” деп айыптаган.
Кийинчерээк Каныбек Туманбаев Фейсбуктагы баракчасында Азамат Мариповду өзүн “шантаж кылууга өттү” деп жазган.
Азамат Марипов камактан чыккандан кийин Фейсбуктагы баракчасынан ушундай эле билдирүүлөрдү жазып, мыйзамсыз камалгандардын укугун коргоо комитети түзүлүп жатканын билдирген.
“Бишкек” эркин экономикалык аймагынын мурдагы директору Кудрет Тайчабаров 2025-жылы ноябрь айында Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренеси менен айыпталып кармалган. Ал 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого талапкерлигин коюп, бирок Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) каттаган эмес. (BTo)