Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Оштун Башкы планы боюнча маселе шаардык кеңеште талкууланды

Быйылкы жылы Ош шаарынын Башкы планын иштеп чыгууга 60 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри Оморбек Төрөбаев шаардык кеңештин отурумунда депутаттарга маалымдады. Анын сөзүнө караганда, долбоорду иштеп чыгуу үчүн жалпы 238 млн сом керек.
"Азаттыктын" кабарчысы Нургелди Каныбек уулунун маалыматына караганда, калаанын Башкы планын иштеп чыгуу маселеси 4-мартта Ош шаардык кеңешинде талкууланды.
Депутат Кутманалы Абдрахман уулу 2016-жылдан 2025-жылга чейин пландалган долбоордун мөөнөтү аяктаганын билдирип, мындан аркы курулуш иштерин жүргүзүүдөн мурун Башкы планды даярдап алуу маанилүү экенине токтолду.

“Биринчи Ош шаарынын Башкы планы кабыл алынышы керек. Ошого жараша башка курулуш иштери, өнүгүү планы иштеши керек. Себеби жердин өзүнүн маселеси толук чечилбей туруп башка жумуштарды пландаштыруу кийин жер маселелеринде көйгөй жаратат. Бул шаарды өнүктүрүүдө башаламандык жаратышы мүмкүн,” - деди Абдрахман уулу.

Башкы план качан иштелип бүтөрү айтылган жок.

2025-жылы мөөнөтү аяктаган Башкы пландын долбоору туура эмес жасалып калганын сындагандар жок эмес. Шаардык кеңештин дагы бир депутаты Арыпбек Айтбаев өзүнүн үйү башкы план боюнча “жашыл зона” деп көрсөтүлгөнүн, ушундай көрүнүштөрдөн улам аймакта жарандар курулуш жүргүзө албай, инвестиция салууга келген ишкерлер кетип жатканын айтты.

“Кимдин кызыкчылыгы же шалаакылыгы болгонбу, элден сурабай эле Кара-Суу районуна караган жерлерди турак жайлар турганына карабай жашыл зона деп өткөрүп коюшкан. Өзүм жашаган үй дагы жашыл аймак деп кирип кеткен. Биз аны өзүбүз да билбейбиз. Азыркы учурда жарандар үйлөрүн оңдой албай, жер тилке алгандар үй сала албай жатышат. Көп кабаттуу үй курабыз деп келген инвесторлор дагы кайтып кетип жатышат. Бул боюнча тынчсызданып көп жакка кайрылдык,” - дейт Айтбаев.

Башкы план 2050-жылга чейин иштейт. Долбоор даяр болгонго чейин мөөнөтү бүткөн Башкы план иштеп турат.
Ош шаарынын аймагы мурунку убакта 17 миң гектардан ашуун болгон. Административдик-аймактык реформага байланыштуу шаарга мурда Кара-Суу районуна караштуу айылдар кошулган. Жыйынтыгында учурда Оштун аймагы 39 миң гектардан ашат.(ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus