Ош шаарында үч эм төрөлдү
20-февраль күнү Оштогу облус аралык оорукананын төрөт стационарында үч эм кыз төрөлдү. Ымыркайлар 1800, 2220 жана 2320 г салмак менен төрөлүшкөн. Азыркы учурда баарынын абалы жакшы. Бул тууралуу 3-мартта Ош мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Ымыркайлардын энеси - 22 жаштагы Мавлюда Бердигулованын да саламаттыгы канааттандырарлык, эне жана балдар дарыгерлердин кароосунда.
Үч эм кыз быйылкы жылы Ош облус аралык ооруканасында төрөлгөн алгачкы үч эм. Оорукананын төрөт стационарында буга чейин 1 жылдын ичинде 5-10 эне үч эм төрөгөн учурлар болгон.
Наристелер жана апасы 4-март күнү үйүнө чыгаруу үчүн даярдалууда.
Ош облус аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационары быйыл январь айында толук оңдоодон өтүп, пайдаланууга берилген. Ага жалпы 88 млн сом сарпталганы кабарланган.(ZKo)