Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ирандык басылмалар экс-президент Махмуд Ахмадинежаддын өлүмү боюнча маалыматты төгүндөдү

Ирандык маалымат каражаттары мурдагы президент Махмуд Ахмадинежаддын каза болгону тууралуу маалыматты төгүндөштү. 1-мартта ILNA агенттиги Ирандын алтынчы президенти АКШ менен Израилдин Тегеранга жасаган биргелешкен соккусунун натыйжасында набыт болгонун жазып чыккан. Кийинчерээк бул кабар сайтынан өчүрүлгөн.

Агенттиктин билдирүүсүндө Ахмадинежад бутага алынган Нармак районундагы резиденциясында болгону айтылган. Иран бийлиги маалыматты расмий ырастаган жок.

Ахмадинежад 2005-2013-жылдары Ирандын президенти болгон. Ага чейин Ардебил провинциясынын губернатору жана Тегерандын мэри кызматтарын аркалаган.

Президенттиктен кеткенден кийин өлкөнүн Жогорку лидерине караштуу кеңеш берүүчү орган – Максаттуулукту аныктоо кеңешинин мүчөсү болгон.

28-февралда Дональд Трамп Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр майнапсыз болгонуна байланыштуу Израил менен бирге Тегеранга каршы масштабдуу аскердик операция башталганын жарыялаган. Соккулардын натыйжасында аятолла Али Хаменеи жана Ирандын башка жогорку жетекчилери өлтүрүлгөн.Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Хаменеинин өлтүрүлүшүн “үрөй учурган кылмыш” деп атап, өч алууну убада кылды. Иран жооп кайтаруу операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык объектилерге сокку урду.Азыркы тапта Хаменеинин мураскерин 88 дин аалымынан турган кеңеш тандап алышы керек.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus