Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

АКШ жана Иран Женевада өзөктүк маселе боюнча кезектеги сүйлөшүүлөрдү өткөрөт

АКШ жана Иран өкүлдөрү 26-февралда Женевада өзөктүк маселе боюнча кезектеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө камынууда.

Сүйлөшүүнүн үчүнчү айлампасы АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын өзөктүк программасын чектөө боюнча келишим болбой калса, аскердик чараларды карап жаткан учурда өтүп жатат.

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи 25-февралда Тегерандан Женевага учуп кеткен. Ал жерде Ак үйдүн атайын өкүлү Стив Уиткофф жана Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер менен жолугушары күтүлүүдө. Мурдагыдай эле Омандын өкүлдөрү ортомчу катары катышат.

Бул айда тараптар Оманда кыйыр сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Экинчи айлампасы 17-февралда Женевада өткөн.

Буга чейинки сүйлөшүүлөрдө олуттуу жылыш болгон эмес, негизги талаштуу маселелер чечиле элек.

Сүйлөшүүлөрдө АКШ Иран уран байытууну толугу менен токтотуп, байытылган уран корунан баш тартсын деген талап коюуда.

Вашингтондун пикиринде, бул чаралар Тегерандын өзөктүк курал жасоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат.

Тегеран болсо өзөктүк программасы тынчтык максатта, электр энергиясын өндүрүү сыяктуу жарандык муктаждыктарга колдонуларын айтып келет.

25-февралда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Ирандын өзөктүк программасы өткөн жылы АКШ менен Израилдин аба соккуларынан кийин “талкаланганын” билдирип, Тегеран аны кайра жандандырууга аракет кылып жатканын айтты.

Анын айтымында, азыр Иран уран байытпаганы менен бирок келечекте бул мүмкүнчүлүктү кайра калыбына келтирүүгө умтулууда.

Трамп 24-февралда Конгресстеги кайрылуусунда Иран “АКШ аймагына жетчү ракеталарды иштеп чыгууда” деген.

Рубио бул билдирүү азыр андай куралдар бар дегенди билдирбестигин, бирок Иран келечекте мындай мүмкүнчүлүккө жетүүгө умтулуп жатат деп чечмеледи.

Иран болсо АКШ санкцияларын жеңилдетүү жана уран байытууга болгон укугун таануу шарты менен айрым жеңилдиктерге барууга даяр экенин билдирген.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus