Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Депутат Бекешев мектеп формасы боюнча талапты жөнөкөйлөтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев учурда Кыргызстанда окуучулардан талап кылынган мектеп формасы ыңгайсыз экенин айтып чыкты. Эл өкүлү 25-февралда парламент жыйынында айткандай, ага бир катар аймактан окуучулар кайрылып, мектеп кийими боюнча даттанган.

“Кышта, калың кар жааганда баса албайсың. Ысыкта да окуучуларыбыз кыйналат. Кайрылуунун көбү Бишкектен эмес, аймактардан келип жатат. Мен мектеп формасын жокко чыгарууну сунуштабайм. Андай укук берилсе, алар эски-уску кийим же башка кийим менен бара баштайт. Мектеп формасын жөн эле киргизишкен эмес, бул дисциплина үчүн. Келгиле, талаптарды өзгөртөлү. Неге окуучуга мектепте башка формада жүрүүгө болбойт? Мисалы, футболка же кофта, жинсы кийсе... Кыздарыбыз эмне үчүн сөзсүз юбка кийиши керек?”,-деди Бекешев.

Депутат окуучуларга smart casual стилинде кийинип мектепке барууга уруксат берүүнү сунуштады.

Smart casual - бул классикалык стиль менен күнүмдүк эркин кийинүүнүн ортосундагы "алтын ортолук". Мындайча айтканда, өтө расмий да, спорттук форма сыяктуу аябай эркин да эмес.

Депутаттын сунушу боюнча Агартуу министрлиги комментарий бере элек.

2015-жылы өкмөт мектеп окуучуларынын жаңы бирдиктүү формасын эмес, жалпы стандарттагы кийимин бекиткен токтом кабыл алган. Анын негизинде өлкөнүн бардык мектептеринде милдеттүү түрдө окшош формага өтүү тууралуу буйрук жокко чыгарылып, ошол элде учурда бирдиктүү мектеп формасы катары жактырылган кочкул кызыл, көк, боз түстүү костюмдарды кийүүгө да уруксат берилген.

Көпчүлүк мектептерде окуучулардан кара түстүү шым, юбка жана ак, көгүш түстүү көйнөк кийүү талап кылынып келген.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus