Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Ата бейитте" чек арада курман болгондор эскерилди

23-февралда "Ата бейит" мемориалдык комплексинде Кыргызстандын мамлекеттик чек арада курман болгон жоокерлер эскерилди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Эскерүү учурундакурман болгондордун эстелигине гүлчамбар коюлуп, элесине арналып дуба окулду.

Өлкөнүн чек ара коопсуздугун, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу үчүн өмүрүн берген жоокерлерге арналган эстеликке да гүл коюлду.
Эскерүү иш-чарасына жакында эле мамлекеттик чек араны коргоодо көрсөткөн эрдиги үчүн "Мекен баатыры" сыйлыгы менен сыйланган запастагы капитан Султанбек уулу Мирбек да катышты.

Мамлекеттик чек араны коргоп жатып курман болгон аскерлердин урматына тургузулган эстелик 2025-жылдын 28-майында ачылган. Гранит такталарга 2000-жылдан бери болуп келген куралдуу кагылышууларда каза болгон 59 аскер кызматкеринин ысымы жазылган. Алардын 50сү чек арачылар.

Кыргыз-тажик чек арасы такталып бүтө электе ортодо куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар болгон.

Былтыр 13-мартта Бишкекте президенттик администрациянын “Ынтымак ордо” имаратында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койгон. Алар чек ара келишимин “тарыхый” деп баалашкан.

Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон 31-мартта Тажикстандын Кожент шаарында ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндө протоколго кол коюшкан. Бул документ алмашуу менен чек ара тактоодогу делимитация процесси толук бүткөн. (ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus