Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Өзбекстан Газада социалдык инфратүзүмдү калыбына келтирүүгө көмөктөшүү ниетин билдирди

Өзбекстан Газа тилкесинде социалдык объекттерди: бала бакча, мектеп курууга салым кошууга даяр. Бул тууралуу өзбек президенти Шавкат Мирзиёев 19-февралда Вашингтондо "Тынчтык кеңешинин" биринчи саммитинде билдирди.

Мирзиёевдин сөзүнө караганда, Өзбекстан "Тынчтык кеңешин" түзүү демилгесин кубаттаган жана аны ишке ашырууга катышууга даяр. Өзбек лидери өзүнүн мамлекети тилкеде социалдык инфраструктураны калыбына келтирүүгө жана аймактын эли үчүн жашоого тийиштүү шарттарды түзүп берүүгө салымын кошууга даяр экенин айтты.

Өзбекстан президенти эл аралык коомчулуктун биргелешкен аракети аймакта согуштан кийинки жараяндын туруктуулугун камсыздоого жана калыбына келтирүү иштерин тездетүүгө жардам берерин белгиледи.

Өзбекстан Казакстан менен чогуу Тынчтык келишими түзүлгөнү жарыялангандан кийин, январь айында кирген.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев дагы анын өлкөсү эл аралык турукташтыруу күчтөрүнүн курамында Газага аскерлерди, анын ичинде дарыгер топторду жөнөтүүгө даяр экенин билдирген.

"Тынчтык кеңешин" түзүү демилгесин АКШ президенти Дональд Трамп көтөргөн. Бейшембиде кеңешке кирген өлкөлөрдүн лидерлери анын биринчи жыйынына чогулду.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт жыйынга 20дан ашык өлкөнүн лидерлери катышарын билдирген.

Ошондой эле кеңешке мүчө мамлекеттер Газада эл аралык турукташтыруу күчтөрүн түзүү үчүн миңдеген кызматкерди жөнөтүүнү да макулдашты.
АКШнын президенти 23-январда Швейцариянын Давос шаарында "Тынчтык кеңешин" түзүү тууралуу документтерге кол койгон. Бул кеңеш Трамптын Газа боюнча планынын алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы менен колдоого алынган.

Кеңешке Түркия, Египет, Сауд Арабиясы жана Катар, ошондой эле Индонезия сыяктуу ири өнүгүп келе жаткан мамлекеттер кошулган. Борбор Азиядан Казакстан менен Өзбекстандын лидерлери жыйынга катышуу үчүн Вашингтонго барган.

Трамптын Газа планынын негизинде Израил менен ХАМАС (АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган) уюмунун ортосунда октябрь айында кабыл алынган ок атышууну токтотуу келишиминен кийин «Тынчтык кеңеши» Газадагы убактылуу башкарууну көзөмөлдөөгө тийиш болчу.

Бирок кийин кеңештин төрагасы Трамп бул түзүм дүйнөдөгү башка жаңжалдарды да кароого ыйгарым укук алышы мүмкүн экенин билдирген.

Улуттар Уюму, Дүйнөлүк банк жана Евробиримдиктин эсебинде Газа тилкесин толук калыбына келтирүү үчүн 70 млрд доллар талап кылынат. Израилдин эки жылга созулган бомбалоосунан кийин палестин анклавы дээрлик бүт талкаланган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus