Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Укук коргоочу Рита Карасартова Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын сотко берди

Укук коргоочу, жарандык активист Рита Карасартова Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) жана анын №21 мекемесинин (СИЗО-1) жетекчилигин сотко берди. Бул тууралуу укук коргоочу 20-февралда "Азаттыкка" билдирди.

Карасартова сотко кайрылуусуна тергөө абагында кармалып турган жарандар жакындары менен бир жумада бир ирет 15 мүнөттүк телефон аркылуу сүйлөшүү укугуна ээ боло албай келе жатышканы себеп болгонун айтууда:

"2006-жылы 30-августта өкмөт кабыл алган №631 токтомго ылайык, тергөө абагында отурган жаран жакындарына жумасына бир жолу телефон чалууга укуктуу. Мына, 20 жыл болуптур. Бирок иш жүзүндө уруксат берилбейт. Мен тергөө абагында жаткан кезимде укугумдан пайдалануу үчүн беш ай СИЗОнун жетекчилерине кайрылып, жазып жаттым. "Эч кандай мыйзам бузуу жок" деген гана жооп келет, бирок бир да жолу телефон аркылуу жакындарым менен байланышууга уруксат берилген жок. Жаза аткаруу кызматынын жетекчилери Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө "бизде баары телефондон сүйлөшөт, укук берилген" деп айткан. Бирок мына мен эки ирет кирдим тергөө абагына, бир да жолу телефон чалууга уруксат берилген эмес. Бул мага эле керек эмес, бардыгыбызга керек болуп калышы мүмкүн, тергөө абагында жаткандар да бирөөнүн жакыны - баласы, атасы дегендей".
Былтыр жыл соңунда өлкөнүн акыйкатчысы жабык жайларда аялдардын укугу тебеленип, алар басым-кысымга кабылып жатканын айтып чыкканда жаза аткаруу мекемеси андай фактылар жок экенин билдирген.
"Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына так ылайык, жогору турган органдардын жана прокуратуралык көзөмөлдүн алдында жүргүзөт. ЖАМКтын органдарынын жана мекемелеринин кызмат адамдарынын аракеттерине же аракетсиздигине жогору турган органдарга, прокуратурага же сотко даттанууга болот. ЖАМК соттолгондордун жана камакта кармалган адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо мекеменин негизги приоритети экенин белгилейт жана алардын укуктарынын, анын ичинде медициналык жардам алууга болгон укугунун камсыздалышына кепилдик берет", - деп билдирген ЖАМК.
Рита Карасартова бул боюнча доо арызын Бишкектин административдик сотуна 20-февралда берди.

Укук коргоочунун доо арызы тууралуу ЖАМК комментарий бере элек.
Кыргызстандагы түрмөлөрдө, тергөө абактарында кармалып турган адамдардын укугу бузулары тууралуу буга чейин да айтылып келген. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор иштеп турган мезгилде андай маалыматтар байма-бай чыгып турчу. (ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus