Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Амангелдиев Алексей Ширшов катышкан жолугушуу боюнча комментарий берди

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Москвада “Жогорку Нарын ГЭС каскады” боюнча Кыргызстан менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсүнө Алексей Ширшов катышканын “Азаттыкка” ырастады.

Орусиянын Энергетика министрлиги Кыргызстан менен Орусия жумушчу жолугушуу өткөрүп, ага орус министри Сергей Цивилев жана кыргыз тараптан Данияр Амангелдиев, Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев катышканын жазып, жолугушууда тартылган сүрөттөрдү жарыялаган. Кыргыз делегациясынын катарынан Алексей Ширшовду да көрүүгө болот.

Орусиянын Энергетика министрлиги кийин ал сүрөттү өчүрүп салды.

“Жогорку Нарын ГЭС каскады” боюнча келишимди Кыргызстан бир тараптуу бузган. Орусия тарап эл аралык сотко берип Кыргызстанды утуп алган. Ошол боюнча карызыбыз бар. Башында 37 млн доллар болчу. Туумдары менен 54 млн долларга жетип калды. Карыз үчүн долбоорду башка инвесторлорго берүүгө мүмкүн болбой жатат. Алексей Ширшов проектти майда-чүйдөсүнө чейин билет. “ЭлКатты” мамлекетке кайтарганга жардам берди. Андан тышкары Максим Бакиевдин Испаниядагы мүлктөрүн мамлекетке алуу ишине көмөк көрсөтүп жатат. Алексей Ширшов Министрлер кабинетинин буга чейинки төрагасы Акылбек Үсөнбекович менен деле иштешкен. Бирок социалдык тармактарда туура эмес сөздөр тарап жатат”, - деди ал.

Данияр Амангелдиев Алексей Ширшовдун өкмөттө кандайдыр бир кызматы жок экенин, карызга байланыштуу маселени чечүүгө көмөк көрсөтүп жатканын кошумчалады.

“Жогорку Нарын ГЭС каскады” жабык акционердик коому 2012-жылдын октябрь айында Кыргызстандын жана Орусиянын өкмөт аралык келишимине ылайык негизделген. Орусия каражат бөлүп, Кыргызстанда “Жогорку Нарын ГЭС каскады” жана “Камбар-Ата-1” ГЭСи курулмак. Бирок кыргыз тарап бүт милдеттенмелерин аткарганына карабастан Орусиядан иш жылбай жатканын жүйө келтирип, бул келишимден чыккан.

Кийин орус тарап долбоорго “РусГидро” компаниясынын 37,5 млн доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылып, утуп алган.

Алексей Ширшовду мурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин, андан кийин Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевдин жакын өнөктөшү болгонун айтып келишет. 2005-жылдагы Март ыңкылабында өлкөдөн чыгып кетип, кийин кайтып келип, жогорку кызматтарда ишин уланткан. 2010-жылы Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаганда ага издөө жарыяланган.

2022-жылы камалып, көп өтпөй эле бошоп кеткен. Бул коомчулукта сын-дооматка кабылганда президент Садыр Жапаров түшүндүрмө берген. Анда Ширшов менен беш-алты ай мурда жолукканын, Максим Бакиевдин камакта турган миллиондогон долларын Кыргызстанга кайтарууга көмөктөшөрүн билдирген. Ошондой эле 2010-жылы Убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогонун, издөөгө албаганын айткан. Ошол маалдагы Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, убагында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Азимбек Бекназаров Ширшовго иш ачылган эмес деген сөздү төгүндөп чыккан.

Алексей Ширшов убагында Кыргызстанда энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн деп айтылып келет. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus