Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бишкекте мугалим менен окуучунун мушташын милиция иликтеп жатат

Бишкекте орто мектептердин биринде 69 жаштагы мугалим менен 16 жаштагы окуучунун кол көтөрүүгө чейин жеткен чатагын милиция иликтөөгө алды. Бул тууралуу Биринчи май ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 16-февраль күнү саат 11:30 чамасында милициянын 102 номуруна шаардагы мектептердин биринде мугалим менен окуучу чатакташып, кол көтөрүүгө чейин жеткени тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт милициянын журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.

"Окуя болгон жерге милициянын ыкчам-тергөө тобу барган учурда маалымат ырасталды. Текшерүү учурунда мугалим окуучунун үстүнөн чара көрүүнү өтүнүп, арыз менен кайрылган. Окуучу медициналык жардам сурап, ооруканага кайрылды", - деп билдирди РИИБ басма сөз кызматы.

Учурда бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгына жараша укуктук баа берилери кабарланды.
Мектепте мугалимдер балдарга кол көтөргөн же окуучулар мугалимге акарат келтиргени айтылган окуялар акыркы убактарда арбын катталып келет. Жыл башында Бишкектеги мектептердин биринде окуучуну сабаганы айтылган мугалим коомчулуктан кечирим сураган. Көп өтпөй ал кызматынан алынган.
Жети-Өгүз районунда дене тарбия сабагынын мугалими сабак учурунда өспүрүм балдарга кол көтөрүп "тарбиялап" жатканы тартылган тасма интернетке тараган соң мугалим балдардын ата-энелеринен кечирим сураган.

Агартуу министрлиги жакында мугалимге орой мамиле кылган, шылдыңдаган, акарат келтирген окуучулардын ата-энелерине айып пул салуу тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.(ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus