Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ак үй "Тынчтык кеңешинин" жыйынына 20дан ашык өлкөнүн лидерлери катышарын билдирди

АКШ президенти Дональд Трамп бейшемби күнү Вашингтондо «Тынчтык кеңешинин» жыйынын өткөрөт. Анда мүчө мамлекеттер Газа тилкесин калыбына келтирүү жана гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн беш миллиард доллардан ашык каражат бөлүүгө милдеттенме алганы жарыяланат.

Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт журналисттерге билдирди. Анын айтымында, жыйынга 20дан ашык өлкөнүн лидерлери катышат.

Ошондой эле кеңешке мүчө мамлекеттер Газада эл аралык турукташтыруу күчтөрүн түзүү үчүн миңдеген кызматкерди жөнөтүүнү да макулдашкан.

Ватикандын жыйынга катышуудан баш тартканы тууралуу суроого жооп берип жатып Левитт бул чечимди «өтө өкүнүчтүү» деп атады.

Анын айтымында, жыйындын биринчи бөлүгүн Трамп өзү алып барат. Андан кийин ал Жоржия штатына иш сапары менен жөнөп кетет.

Американын президенти 23-январда Швейцариянын Давос шаарында «Тынчтык кеңешин» түзүү тууралуу документтерге кол койгон. Бул кеңеш Трамптын Газа боюнча планынын алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы менен колдоого алынган.

«Президенттин Газаны кайра куруу жана калыбына келтирүү боюнча чечкиндүү жана амбициялуу планы бар. Бул план “Тынчтык кеңеши” аркылуу ишке ашырылып жатат», - деди Левитт.

Кеңешке Түркия, Египет, Сауд Арабиясы жана Катар, ошондой эле Индонезия сыяктуу ири өнүгүп келе жаткан мамлекеттер кошулган. Борбор Азиядан Казакстан менен Өзбекстандын лидерлери жыйынга катышуу үчүн Вашингтонго барганы кабарланды.

Трамптын Газа планынын негизинде Израил менен ХАМАС (АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган) уюмунун ортосунда октябрь айында кабыл алынган ок атышууну токтотуу келишиминен кийин «Тынчтык кеңеши» Газадагы убактылуу башкарууну көзөмөлдөөгө тийиш болчу.

Бирок кийин Трамп, кеңештин төрагасы катары, бул түзүм дүйнөлүк кагылыштарды да кароого ыйгарым укук алышы мүмкүн экенин билдирген.

Бейшембидеги жыйын негизинен Газа маселесине арналары күтүлүүдө.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus