Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Нургазы Анаркуловго "массалык башаламандык" беренеси менен айып коюлду

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы, Камчыбек Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркулов Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айыпталып жатат.

Бул тууралуу анын адвокаты Мунарбек Супатаев Нургазы Анаркулов Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бөгөт чарасын тандоо боюнча сотко алынып келгенде айтты.

Ал “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып Нургазы Анаркулов президенттик шайлоону быйыл өткөрүү тууралуу 75 адамдын кайрылуусуна тиешеси жок экенин, коюлган айыптарга макул эмес экенин айтканын билдирди.

Нургазы Анаркулов 17-февралда Казакстандан Кыргызстанга кирип келатканда чек арадан кармалган. Ал Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы кызматынан алынгандан кийин анын атынан билдирүүлөрдү таратып жаткан.

Нургазы Анаркулов 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнө жетекчи болуп дайындалган. УКМК аны 2021-жылы февраль айында Кылмыш-жаза кодексинин “Пара талап кылуу” беренеси менен кармап, кызматтан алынган. Кийин эркиндикке чыгып, иш эмне менен бүткөнү айтылган эмес.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.

Германияда дарыланып жаткан учурда Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун аны кызматтан алуу чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. 13-февралда ал Бишкекке кайтып келип, 17-февралда чет жакка чыгып кетти. Бирок кайсы өлкөгө жана эмне үчүн кеткени айтылган эмес.

Садыр Жапаров 16-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Камчыбек Ташиевди кабыл алганын, УКМКнын мурдагы төрагасы мамлекеттик кызматка барбай турганын айткан.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, кайрылууда аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевди жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган. (BTo/KS)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus