Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Башкы прокуратура ишкерлерди мыйзамсыз текшергендер жазаланарын билдирди

Башкы прокуратура 2026-жылдын аягына чейин ишкерлерди пландан тышкары салыктык текшерүүлөргө тыюу салынганын билдирип, бизнеске кысым көрсөткөндөр жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Башкы көзөмөл органынын маалыматында мыйзамдуу иштеп жаткан ишкерлерге тоскоолдук кылгандар Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликтен аша чабуу” беренеси менен мүлкүн конфискациялоо жана белгилүү кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылып, беш жылга чейин эркиндигинен ажыратылат. Андан тышкары Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Кызмат адамдарынын ишкердик субъекттерине мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзүүсү же алардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуусу” беренеси менен 15 миң сом айып салынышы мүмкүн.

Башкы прокуратура ишкерлерди мораторий күчүндө турган учурда пландан тышкаркы салыктык текшерүү болсо прокуратура органдарына кайрылууга чакырды. Мекеме текшерүүлөрдү ыйгарым укуктуу орган мыйзамдуу негиздер болгондо гана белгиленген тартипти сактоо менен жүргүзөрүн кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров 18-февралда укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрүн ишкерлерге басым-кысым кылбоого чакырып, ошол эле учурда бизнесмендерди да салыктарын жаап-жашырбай таза иштөөгө үндөгөн.

Кыргызстанда айрым бизнесмендер соңку жылдары укук коргоо органдарынын ар кандай текшерүүлөрүнөн жапа чегип жатканын айтып келишет. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus