Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кызматынан алынды

18-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетүүгө арыз жазганы белгилүү болду. Бул тууралуу президенттик администрациядагы булактар ырастады. Токторбаев бүгүн “Азаттыкка” кыска маек берип, кызматын улантуу ниети бар экенин, бирок муктаждык жаралса арыз жазууга даярдыгын билдирген.

Токторбаев “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутат болуп шайланган. 2025-жылдын башында Ошко мэр болуп дайындалган.

Ал бул кызматка баргандан тарта эле шаардын ар кайсы бөлүгүн жөө кыдырып, мыйзамсыз курулуштарды алуу, жолдорду кеңейтүү боюнча тапшырма берип баштаган.

Ошондой эле мыйзамсыз курулуштарды буздуруу сыяктуу иштери менен коомчулукта талкуу жараткан.

Ал Камчыбек Ташиевдин жакын адамдарынын бири. УКМКнын мурдагы төрагасы 2025-жылдын июль айында Токторбаевке президент Садыр Жапаровдун атынан автоунаа белек кылган. Тапшыруу учурунда Ташиев Ош шаарынын мэринин ийгиликтүү жана натыйжалуу иши башка мамлекеттик жетекчилерге үлгү катары бааланганын белгилеген.

2025-жылдын сентябрь айында Садыр Жапаров Ош шаарынын мэри Женишбек Токторбаевге “кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн” катуу сөгүш жарыялаган.

Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан тышкары орун басарлары да жумуштан алынып, алардын ордуна жаңылары дайындалды.

Германияда дарыланып жаткан учурда Камчыбек Ташиев аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. Ал 13-февралда Бишкекке кайтып келген. Анын тарапташтары акыркы саясий окуялар тууралуу Камчыбек Ташиев Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрөрүн билдиришкен. Ал 17-февралда чет жакка чыгып кетти. Бирок кайсы өлкөгө жана эмне үчүн кеткени айтылган жок.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus