Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Депутат Жороев УКМКнын ишкерлерге басымын токтотууну суранды

Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери буга чейин ишкерлерге басым жасап келгенин айтып, бул кызматтын жаңы жетекчилигинен муну токтотууну суранды. Бул тууралуу депутат 18-февралда парламент УКМКнын жаңы төрагасы кылып Жумгалбек Шабданбековду бекиткен соң билдирди.

Ал буга чейин кармалган УКМКнын айрым кызматкерлери жеке аудитордук компаниялардын отчетторуна таянып, ишкерлерге басым көрсөтүп келгенин айтты:

“Негизи жеке аудиторлордун отчеттору рекомендациялык мүнөздө болот. Ал эми расмий текшерүү үчүн Эсеп палатасы же мамлекеттик экспертиза чыгарган текшерүү керек болчу. Бирок буга карабай УКМКнын кызматкерлери жеке аудиторлорду жалдап алып, анын текшерүүсүнүн негизинде ишкерлерди коркутуп-үркүтүп, басым кылып, “кустуруп” келген. Бул маселени токтотууну суранам”, - деди депутат.

Ал эми дагы бир депутат Дастан Бекешев буга чейин парламентке Улуттук коопсуздук комитети атайын куратор дайындаганын айтып, мындай зарылчылык жок экенин билдирди.

Ошондой эле депутат Бекешев УКМКнын жаңы жетекчилигинен атайын кызматты реформалоо боюнча коомчулукка кеңири маалымат берүүгө чакырды.

Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. УКМКнын жаңы төрагалыгына 18-февралда Жумгалбек Шабданбеков дайындалды. УКМКнын облустардагы бир катар жетекчилери да алмашты.

Аскердик прокуратура УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбеков баштаган айрым кызматкерлерди коррупцияга шек санап кармаганы дайын болгон.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus