Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Алматы соту "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысына сурамжылоо үчүн айып пул салды

Алматынын административдик соту "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Макпал Муканкызын "Шайлоого байланыштуу коомдук пикирди сурамжылоонун шарттарын бузуу" беренеси менен күнөөлүү деп таап, айып пул салды.
Сот чечимине ылайык, кабарчы 15 айлык эсептик көрсөткүч - болжолдуу 130 доллар айып пул төлөөгө милдеттендирилди, журналисттин үй-бүлөлүк абалын эске алып, жаза айып 30% кыскартылды.

Соттук териштирүүгө кабарчы соцтармактагы жеке баракчасына "Референдумга барасызбы?" деген суроо жарыялаганы негиз болгон.

Журналисттин сөзүнө караганда, ал постту 11-февралда чыгарган. 13-февраль күнү ага Медеу райондук прокуратурасынан чалышып, "референдум темасы боюнча жүргүзгөн сурамжылоосуна түшүндүрмө берүүнү" өтүнүшкөн.

Сот отуруму учурунда прокурор Айбек Ертайулы журналистти референдум тууралуу мыйзамды бузууга айыптап, айып пул салууну сурады. Макпал Муканкызы айыптоого макул болбой, анын постунун референдумдун жүрүшүнө эч кандай таасири тийбегенин белгиледи.

Сотто журналисттин өкүлү Ольга Диденко жараянга Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлүн чакырууну өтүндү. Бирок сот анын өтүнүчүн канааттандырган жок.
Макпал Муканкызы сот чечимине макул эместигин, жогорку сот бутагына апелляциялык арыз менен кайрыларын билдирди.

Казакстандын Баш мыйзамын өзгөртүүгө арналган референдум 15-мартта өтөт.

Өлкөдө буга чейин да журналисттер коомчулуктан сурамжылоо жүргүзгөнү үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган учурлар болгон. 2024-жылы Казакстанда АЭС куруу боюнча жүргүзүлгөн референдумдун алдында сот "Урал жумалыгы" басылмасынын кабарчысы Тамара Еслямованы "сурамжылоонун шарттарын бузду" деп айыптап, 110 миң теңге (120 доллар) доого жыккан. Журналист айыпты четке каккан.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus