Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Казакстандын Эмгек министрлиги Burger King'деги окуя боюнча түшүндүрмө берди

Казакстандын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги Burger King Kazakhstan тармагынын Алматы шаарындагы филиалында аутист жумушчунун укугу боюнча кырдаалга түшүндүрмө берди.

Анда аталган мекемеде аутист кызматкердин жумуштан бошотулганы тууралуу маалымат боюнча териштирүүлөр жүрүп жатканы кабарланган.

"Иш берүүчү (Burger King) уюмдун маалыматына караганда, учурда кызматтык териштирүү жүрүп жатат, анын алкагында жетекчилердин бирин териштирүү аягына чыкканча кызматынан убактылуу четтетүү чечими кабыл алынган", - деп жазылган мекеменин маалыматында.

Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги Алматы шаарындагы өкүлү - мамлекеттик инспектор аутист жумушчунун атасына мыйзамда каралган кайрылуу механизмдери, кепилдиктер тууралуу толук маалымат бергенин, "кырдаал министрликтин көзөмөлүндө" экенин кошумчалаган.

Жакынкы күндөрү Threads социалдык тармагынын колдонуучусу Burger King тамактануу тармагынын Алматыдагы филиалдарынын биринде ашпозчу болуп иштеген 27 жаштагы аутист уулуна компаниянын аймактык жетекчилиги басым жасап, иштен өз эрки менен кетүүгө мажбурлап жатканын жазып чыккан.

Ал уулу акыркы төрт жылдан бери аталган компанияга таандык ресторандардын биринде жакшы иштеп келгенин, айрым учурларда иш убактысынан ашыкча иштеп жүргөнүн, былтыр күзүндө Орусиядан жаңы дайындалып келген Сергей аттуу жетекчи уулун басмырлап, иштен кетүүгө мажбурлаганын жазган.

Анын постуна улай соцтармак колдонуучулары Казакстандагы Burger King тамактануучу тармактарына бойкот жарыялоону сунуш кыла башташкан. Компаниянын жалпы Казакстандагы бардык ресторандарына барбоого, тамактарын сатып албоого чакырыктар күч алган.

Компания соцтармак аркылуу билдирүү таратып, аутист жумушчу иштен алынбаганын, расмий түрдө штатта калганын маалымдаган.

"Burger King Kazakhstan тең мүмкүнчүлүктөр, сыйлоо принциптерин карманат жана дискриминацияга жол бербейт. Инклюзия - биздин жамааттык маданияттын маанилүү бөлүгү. Ошол эле учурда коопсуздук, тазалык жана кызматкерлер менен коноктордун жайлуулугу да биз үчүн артыкчылык", - деп жазылган компаниянын маалыматында.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus