Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

№13 округдагы шайлоо: 25 талапкерге 7 млн 500 миң сом күрөө кайтарылат

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо жокко чыгарылгандыктан бул округдан 300 миң сомдон күрөө төккөн 25 талапкерге 7 млн 500 сомду кайтарып берет. Мындай чечим Боршайкомдун 16-февралдагы отурумунда кабыл алынды.

БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Боршайкомдун кайра шайлоону жокко чыгаруу чечимине каршы талапкер Каныбек Базарбаев Бишкектин административдик сотуна арыз жазып, ал четке кагылганын айтты. Эгер эки күндүн ичинде Жогорку сотко арыз менен кайрылбаса Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабековага мандат тапшырыларын билдирди.

13-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо №13 округдагы жыйынтыкты өзгөртүп, сөз болуп жаткан үч талапкерди жеңүүчү деп тапкан.

Ал жыйында Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө бөлүмүнүн башчысы Аллаберди Мавлянов кылмыш иши боюнча маалымат берип, тергөөдө добушканаларга телефондорду орнотууда талапкер Бактыбек Сыдыковдун тарапташтарынын мыйзамсыз аракети тастыкталганын айткан. Ал бул округдан шайлоого катышкан калган 13 талапкерге эч кандай кылмыш иши козголбогонун кошумчалаган.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн. №13 округдагы мыйзам бузууларга байланыштуу БШК андагы добуш берүүнүн жыйынтыгын 3-декабрда жокко чыгарган. Бул аймактагы 35 добушканада шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөө максатында камералар орнотулганы, үгүтчүлөр ким кандай добуш бергенин байкап турганы ачыкка чыккан. Мындан соң кайра шайлоо жарыяланып, добуш берүү 1-мартка белгиленген. Ал үчүн 25 талапкер каттоодон өтүп, үгүт өнөктүгү жүрүп жаткан. Талапкерлерге үгүт иштерине короткон каражаты кайтарылып берилеби маалымат жок.

Жогорку Кеңештин 90 мандаттуу VIII чакырылышы 2025-жылдын декабрь айында ишин баштап, ушул тапта парламентте 87 депутат бар. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus