Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Казакстан Ысык-Көлдөгү жер тилкелерин ижарага алуу келишимин 49 жылга узартты

Казакстан Кыргызстандагы жер тилкелерин 49 жылга ижарага алат.

Tengrinews.kz. тиешелүү макулдашууну жана келишимди Казакстандын Сенатынын депутаттары 12-февралда ратификациялаганын кабарлады.

Эки өлкө ортосундагы Ысык-Көл облусундагы курорттук-рекреациялык чарба объектилерине Казакстандын менчик укуктарын жөнгө салуу жөнүндөгү макулдашууга ылайык, казак тараптын объектилерди (базаны кошпогондо) 3 жана 4 жылдыздуу мейманканалардын деңгээлине чейин, жыл бою иштей турган режимде модернизациялоо боюнча милдеттенмелери 2029-жылдын аягына чейин узарат.

Мамлекеттер аралык бул макулдашууга алгач 2006-жылдын 4-июлунда кол коюлган.

Казак сенатынын депутаты Нурия Ниязованын айтымында, тараптар Казакстанга берилген аймакта инвесторлорду тартууга жана керек болсо объектилерди бузууга да уруксат берүүнү макулдашкан. Казакстандын менчик укугу "Казакстан" санаторийине, "Самал" эс алуу үйүнө, "Университет" спорттук-ден соолукту чыңдоо лагерине, "Олимп" спорттук-ден соолукту чыңдоо борборуна берилет.

"Учурда Президенттин иш башкармалыгы Ысык-Көлдө “Казакстан” санаторийин куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырып жатат, пайдаланууга берүү мөөнөтү болжол менен 2026-жылдын 4-кварталы. Санаторийдин аймагында Динмухамед Ахмедович Кунаевдин №1 дачасынан башка бардык бар имараттарды жана курулуштарды бузуу каралган. Бул объект тарыхый-маданий мурас катары сакталат жана аны үй-музейге айландыруу аркылуу эстелик катары калтыруу пландалууда", - деди Нурия Ниязова.

Ал эми экинчи документке 2009-жылдын 1-декабрында кол коюлган. Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы жер тилкелерин ижарага берүү тууралуу келишимге ылайык, Казакстанга жерди ижарага алуу укугу берилет.

"Келишимге ылайык, тарапка жалпы аянты 58,8 гектар жер тилкелери 49 жылдык мөөнөткө убактылуу акы төлөнүүчү пайдаланууга (ижарага) берилет", - деп түшүндүрдү Ниязова.

Анын айтымында, кыргыз тарап ижарага берилген объектилердин кол тийбестигине кепилдик берет жана аларды мамлекеттик менчикке кайтарып алуу багытындагы аракеттерден баш тартууга милдеттенет.

2024-жылы Кыргызстан инвестициялык келишимдин шарттары аткарылбаганы үчүн Ысык-Көлдүн жээгиндеги Казакстанга таандык төрт пансионатты кайра алып коюу менен коркуткан.

2025-жылдын май айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы курорттор жана жер боюнча Казакстан менен түзүлгөн келишимдер тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, Казакстан өзүнө таандык курорттук-рекреациялык объектилерди 3 же 4 жылдыздуу мейманканалардын деңгээлине жеткирүү милдетин алган.

Ысык-Көлдөгү пансионаттарды Кыргызстан Өзбекстанга да (ошол эле 49 жылдык мөөнөткө жана заманбап мейманканаларды куруу шарты менен) берген окуя да чырлуу болгон. Бишкек менен Ташкент бул объектилер кимге тиешелүү экендиги боюнча узак убакыт талашып, бирок 2023-жылы акыры тынчтык келишимине жетишкен.

Кыргызстандагы жарандык активисттер жана айрым чыгармачыл адамдар Ташкент менен келишимге каршы чыгышкан. Бийликти пансионаттарды коңшу өлкөлөргө өткөрүп берди деп сындаган жазуучу Олжобай Шакир онлайн акция өткөрүү чакырыгынан кийин беш жылга кесилген. Сот аны массалык башаламандыкка чакырган деп тапкан. Жазуучу 2024-жылы үч жылдык пробация менен эркиндикке чыккан.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus