ӨКМ: Кыргызстанда элүү жылда мөңгүлөр 16% эриди
Акыркы элүү жылда Кыргызстандагы мөңгүлөр 16 пайызга эриди. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин (ӨКМ) орун басары Азамат Мамбетов 13-февралдагы маалымат жыйынында билдирди.
Мамбетов ошол эле учурда тоолордогу чакан көлдөрдүн жырылуу коркунучу да сакталып турганын кошумчалады.
Анын сөзүнө караганда, 2024-жылы Тоң районундагы Зындан көлү жырылып кеткен болсо, былтыр Такыр-Төр көлү эки ирет жырылып, миңдей адам коопсуз жакка көчүрүлгөн.
Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун маалыматына ылайык, Жердеги абанын табы 1,9 градуска жогорулады. Бул мөңгүлөрдүн ылдам эрүүсүнө жана андан бийик тоолордо жырылуу коркунучундагы көлдөрдүн көбөйүшүнө алып келери айтылган.
Кыргызстанда мөңгүлөрдүн эрүүсүнөн пайда болгон 2 миңдей майда көл бар, алардын ичинен 600ү жырылуу коркунучунда.
"Азаттык" Ысык-Көлдө суунун деңгээли төмөндөгөнү тууралуу "Ысык-Көл 10 метрге тартылды, ондогон дарыя соолуп калды" деген атайын көрсөтүү даярдаган.(ZKo)