Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Президент Жапаров Ташиевди кызматтан аларда өзүнө телефон чалганын айтты

13-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы кызматынан алуу чечими тууралуу “Кабар” улуттук маалымат агенттигине комментарий берди.

Ал иштин баары Жогорку Кеңештен башталганын, “айрым депутаттык топтор депутаттарды чакырып биз тарапта болосуңбу же тиги тараптасыңбы” деп депутаттарды бөлүп баштаганын” айтты. Алар “бул тарап генерал тарап деп погонду көрсөтүп, тиги тарап президент тарап” деп айтышканын билдирди.

Президент кийин бөлүп-жаруу көчөдөгү “ак сакалдарга” өтүп, алар мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү демилгесин көтөрүп, кол чогултуп, “жогорку жак менен макулдашылган”, Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяламай болду” деп баштаганын кошумчалады.

“Анан эгер мен тез арада ушундай чечкиндүү кадамдарга барбасам жөнөкөй элге тарап, эл дагы экиге бөлүнө баштайт эле. Анткени депутаттарды, айрым мамлекеттик кызматкерлерди генерал менен коркутуп аткан фактылар бар эле менде. “Эгер биз тарапка өтпөсөң сен генерал менен будешь иметь дело” деп. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алууга туура келди. Чечим кабыл алаар алдында досума телефон чалып, бул жакта болуп жаткан абалды түшүндүрүп, кызматтан алып жатканымды билдирип анан чечим кабыл алдым. Мен мындай тез чечим кабыл алуум менен досумдун өзүн сактап калдым деп эсептейм. Себеби айлана-тегерегинде жүргөн “ак сакалдар дейбизби, көк сакалдар” дейбизби айтор досумду жолдон адаштырып бара жатышкан”, - деди президент.

Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди кызматтан албаса бул иштердин аркасында мамлекеттик түзүмдө иштегендер арасында, коомчулукта ажырым пайда болуп, тирешүүлөргө чейин алып келүү коркунучу турганын айтты. Ошондой эле мамлекеттеги туруктуулук ал үчүн баарынан жогору экенин белгиледи.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотту. Андан тышкары орун басарларын да жумуштан алып, ордуна жаңыларын дайындады.

Германияда дарыланып жаткан учурда Камчыбек Ташиев аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. Ал 13-февралда Бишкекке кайтып келди.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болушканын айтып чыгышкан.

Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков бул демилгени көтөргөндөрдүн бири экенин, коомдо талаш-тартыш жана ар кандай чагымчыл аракеттерди алдын алуу үчүн президенттик шайлоо өткөрүү керектигин айткан.

Бул кайрылууга байланыштуу Ички иштер министрлиги Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмил Узакбаевди, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus