Канадада мектепте ок атылып, жалпы 10 кишинин өмүрү кыйылды
Канадада мектепте ок атылып, кеминде 10 кишинин, анын ичинде кол салууга шектүү аялдын өмүрү кыйылганын, 20дан ашуун киши жараат алганын жергиликтүү полиция билдирди. Окуя үч миң чамалуу калкы бар Тамблер-Риж шаарындагы орто мектептердин биринде болгон.
Полициянын маалыматына караганда, жети адамдын сөөгү мектептин ичинен, экөө кол салган шектүүгө тиешеси бар деген үйдөн табылды, дагы бири ооруканага жетпей үзүлгөн.
Күбөлөрдүн айтымында, кол салуу 10-февралда жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 13:30да болгон. Мектепте коркунуч жаралганы тууралуу эскертүү берилип, окуучулар эки сааттан ашуун убакыт класстан чыкпай, жашынып отурууга аргасыз болушкан.
Канаданын премьер-министри Марк Карни социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына азыркы тапта жан дүйнөсү эңшерилген абалда экенин жазды.
Мындан алты жыл мура да, 2020-жылы Канадада куралчан кишинин кол салуусунан 22 өмүр кыйылган. Ал эми 1989-жылы Монреалдагы Политехникалык мектепте феминизмге каршы киши 14 аялды өлтүргөн. (RK)