Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кышкы Олимп оюндары: Артур Сапарбеков мелдешке 10-февралда чыгат

Италияда өтүп жаткан кышкы Олимп оюндарында кыргызстандык спортчу Артур Сапарбеков лыжа жарышы боюнча классикалык спринтке 10-февралда, ал эми эркин стилде өтүүчү жарышка 13-февралда чыгат.

Кыргызстандык спортчу Тимур Шакиров тоо лыжасы боюнча гигант слаломдон 14-февралда, ал эми слаломдон 16-февралда мелдешет.

Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

XXV кышкы Олимп оюндарында Кыргызстандан эки гана спортчу барган.

Артур Сапарбеков 19 жашта, спорт чебери. Ал 2022-жылы Эл аралык биатлон бирикмеси (IBU) уюштурган биатлон боюнча Кубокко катышып, эл аралык мелдештердеги жолун баштаган. Андан бери жаштар жана чоңдор арасында Дүйнө чемпионаттарына, эл аралык мелдештерге катышып келет. Бир нече эл аралык мелдештерде байге ээси болгон. 2024-жылы Түштүк Кореяда өткөн Жаштардын кышкы Олимпиадасына катышкан. 2025-жылы кышкы Азия оюндарында жарышка чыгып, алдыңкы 20 спортчунун катарына кошулган.

Тимур Шакиров дагы 19 жашта, эл аралык класстагы спорт чебери. Азия чемпионатынын күмүш байге ээси, Борбор Азия Кубогунун жеңүүчүсү. Өспүрүмдөр арасындагы кышкы Олимпиаданын катышуучусу. Дүйнө чемпионаттарына жана эл аралык турнирлерге бир нече жолу катышкан.

Тоо лыжа спорту боюнча өз категорияларында Кыргыз Республикасынын көп жолку чемпиону. Алгачкы күндөн тартып Каракол шаарындагы "Крокус" клубунда машыктыруучу Ирина Волкованын жетекчилиги алдында машыгып келет. Учурда аны Игорь Борисов машыктырат.

Кышкы Олимп оюндары расмий 6-февралда ачылган жана 22-февралда жыйынтыкталат.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus