Таласта күйөөсү өрттөөгө аракет кылган келиндин апасы Бишкектеги милицияга да арыз жазды
Таласта күйөөсү май чачып, өрттөөгө аракет кылган келиндин апасы кызына зомбулук көрсөткөндөр, ал кабылган окуяны жаап-жашырып, жалган маалымат бергендер жоопко тартылышын талап кылып Бишкектеги Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазды. Бул тууралуу Акыйкатчы институту кабарлады.
Бул институттун кызматкерлери жабыркаган аялдын туугандары менен байланышып, окуянын чоо-жайын билген жана келинге укуктук жана психологиялык жардам сунушташкан.
Омбудсменден кабарлашкандай, күйөөсү май чачып, өрттөөгө аракет кылган окуя былтыр 15-октябрда Бакай-Атадагы Боо-Терек айылында болгон. 28 жаштагы келиндин апасынын айтымында, ал күнү күйөө баласы мас болуп келип чыр чыгарып, кызын ур-токмокко алган. Бензин чачып өрттөөгө аракет кылган. Көчөдөн бейтааныш адам келиндин жардам сурап кыйкырганын угуп, аны ооруканага жеткирген.
“Келин Таластагы ооруканадан үч күндөн кийин Бишкекке которулган. Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө бир ай жатып, жалпысынан эки айдай дарыланып, 18-декабрда чыккан. Келиндин кайын журту анын күйүп калганы тууралуу жакындарына айтпай кайра Таласка алып кеткен. Апасынын айтымында, кызынын кайын журту дарыгерлерге келини от тамызып жатканда жалын өзүн каптап күйүп калган деген жалган маалымат берген. Келин өзү да жакындарына айткан эмес. Анын күйөөсү дагы мас болуп келип, кайра зомбулук көрсөтө баштаганда гана апасына чалып, алып кетүүсүн өтүнгөн. Учурда келин балдары менен Бишкекте апасынын үйүндө. Ал учурда психологдун жардамына жана кайра дарыланууга муктаж. Денесинин 60% күйүп калганы айтылат. Апасы Бишкектеги Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазганын билдирди. Ал кызына зомбулук көрсөткөндөр жана жаап жашыргандар жазага тартылышын талап кылат”,-деп жазылган маалыматта.
Талас облустук милициясы аялын өрттөөгө аракет кылган жаран кармалганын 6-февралда билдирген. Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Ден соолукка оор залал келтирүү”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.
“Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө күбөлөр суракка алынып, алар меште от күйбөй калгандыктан бензин чачылган учурда жалын тутанып, жубайлар күйүп калганын билдиришкен. Ошол учурда М.Т. жана Д.Ж. жандандырүү бөлүмүнө жеткирилип, абалы оор болгондуктан суракка алууга мүмкүн болгон эмес. Андан кийин жабырлануучу үй-бүлөлүк зомбулук фактысы тууралуу жакындарына жана укук коргоо органдарына билдирбей келген. Окуя боюнча жубайларга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды”, - деп билдирген милиция.
Кыргызстанда 2025-жылдын 11 айында (январь айынан ноябрга чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (2024-жыл 15 миң 675 факты катталган) 27,5% же 4320 фактыга көп.