Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Президент Жапаров жарандарды "Унаадагы" реформаны колдоого дагы бир жолу чакырды

Президент Садыр Жапаров айдоочуларды окутуу боюнча жасалып жаткан реформа 50-60 жылда толугу менен жемишин берерин билдирди. Бул тууралуу ал 6-февралда “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде айтты.
Ал жол кырсыгынан каза тапкандар жана майып болгондор көбөйүп жатканын, бул тармакта реформа жасалбаса маселе тереңдей берерин белгиледи.
Жапаров коомчулукту өзгөрүүлөрдү колдоого чакырып, менчик мектептерди жапканы үчүн ээлеринен кечирим сурады.
“Окуду” кылып справка берип, “өттү” кылып күбөлүк саткан кызматкердин жакын адамын ошол күбөлүк сатып алган айдоочу сүзүп өлтүрүп кеткен учурлар болду. Бул дагы болсо ошол күбөлүк саткан кызматкерге Кудайдын берген белгиси деп ойлойм. Ошондуктан башка бизнеске өткүлө”, - деди Жапаров.
Ал айдоочуларды окутуудагы он айлык мөөнөт дүйнөлүк тажрыйбадан алынганын, “көп эле өлкөлөрдө бир жылдан кем эмес окутарын” түшүндүрдү. Эми онлайн окуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп жатканын, жыйынтыкка жараша мөөнөттү кыскартуу маселеси каралышы мүмкүн экенин тактады. Окутуу программасында жол эрежелеринен сырткары айдоочулук этика боюнча да сабактар кошулганын айтты.
Президенттин иш башкармалыгы быйыл жыл башынан тартып Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк берүүнүн, автомектептерде окуунун жаңы тартибин бекиткен. Ушул жылдан баштап жарандар мамлекеттик автомектептерде окуй турганын айткан.


Менчик автомектептердин жетекчилери 23-январдан тартып иши токтоп калганын, буга Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору бирдиктүү базаны жаап койгону себеп болгонун айтып чыгышкан.
Алар 27-январда аталган мамлекеттик мекемеге барып, түшүндүрмө талап кылган. Автомектеп ээлери алардын лицензиясын же база менен иштөө укугун сот гана токтото аларын айтышкан. Ошолордун ичинен менчик эки автомектептин ээсине Ички иштер министрлиги кылмыш ишин козгогону, бири эки айга камакка алынганы белгилүү болду.
Президент Садыр Жапаров 30-январдан тартып менчик автомектептердин лицензиясын токтоткон жарлыкка кол койгон.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus