Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

2029-жылкы кышкы Азия оюндары Алматы шаарында өтөт

5-февралда Милан шаарында Казакстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Геннадий Головкин жана Азия Олимпиада Кеңешинин (AOK) төрагасы Шейх Жоан бин Хамад ал-Тани кышкы Азия оюндарын өткөрүү тууралуу расмий документке кол коюшту.

Негизи 2029-жылкы кышкы Азия оюндары Сауд Арабиясында жаңыдан салынып жаткан Неом шаарында өтүшү керек болчу. Бирок быйыл январь айында АОК Сауд Арабиясы кышкы Азиаданы өткөрө албай турганын жарыялады.

Акыркы жылдары АОК үчүн кышкы Азия оюндарын өткөрө турган өлкө же шаар табуу олуттуу көйгөйгө айланды.

1986-жылдан 2011-жылга чейин бул оюндар негизинен үч өлкөдө гана өткөн: Жапонияда үч жолу, Кытайда эки жолу жана Түштүк Кореяда бир жолу.

Ал эми 2011-жылкы кышкы Азиаданы Астана менен Алматы биргеликте өткөргөн.

Андан кийин 2017-жылкы кышкы Азия оюндары Жапониянын Саппоро шаарында өткөн.

Ал эми 2025-жылы, сегиз жылдык тыныгуудан кийин, кышкы Азия оюндары Кытайдын Харбин шаарында уюштурулду.Азия континентинде кышкы Азиаданы өткөрүүгө жаратылыш шарты ылайык келген өлкөлөр аз. Кытай, Жапония, Түштүк Корея, Казакстан, Түндүк Корея, Кыргызстан, Өзбекстан жана Ооганстанда кыш мезгили бар. Бирок Кытай, Жапония, Түштүк Корея жана Казакстандан башка өлкөлөрдө кышкы мелдештерди өткөрүүгө ылайыктуу инфраструктура жана спорттук база жетишсиз.

Алматы 2011-жылкы Азиададан бери кышкы спорттун бир катар ири эл аралык мелдештерин уюштурган. Азыркы тапта калаада Балуан Шолак атындагы спорт сарайы, Алматы Арена, Халык Арена, Медеу муз айдыңы иштеп турат. Ошондой эле Шымбулак лыжа базасы жана Алатау лыжа-биатлон стадиону бар.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus