Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

ИИМ айрым эрежелерди бузган айдоочулар кайрадан сынак тапшырарын эскертти

Ички иштер министрлиги (ИИМ) бир жыл ичинде үч жана андан көп жолу жол эрежесин бузган айдоочулар кайрадан сынак тапшыра турганын эскертти. Бул тууралуу мыйзамга өзгөртүү кирип, Укук бузуулар кодексине жаңы талап кошулган. Ага ылайык, министрлик айдоочуну кайра сынак тапшырууга милдеттендирүүчү бир катар укук бузууларды аныктаган:

Унааны мамлекеттик номуру жок айдап жүрүү,Унааны токтотуу жөнүндө талаптарды аткарбоо,Ылдамдыкты коюлган чектен 40 км/сааттан жана 60 км/сааттан ашыруу,“Тез жардам”, өрт өчүрүүчү унаа, коопсуздук кызматтарынын жана башка атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу техникага жол бошотпоо,Алдыдагы унааны каршы тилкеге чыгып озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу,Жолдун же башка мүлктүн бузулушуна алып келген жол кыймылынын эрежелерин бузуу,Жол эрежесин бузуу менен адамдын ден соолугуна зыян келтирүү,Мас адамга же айдоого укугу жок адамга унаасын айдатуу.Соңку учурда Кыргызстанда айдоочулардын жол эрежесин билүүсү жана талаптарды сакташы боюнча талкуу күчөдү.

Президенттин Иш башкармалыгы менчик автомектептерди жоюп, айдоочуларды даярдоо мамлекеттик мекемелерде гана жүрөрүн, окутуу мөөнөтү 10 айга созуларын билдирген.

Менчик автомектептердин ээлери ишинин токтоп калганына нааразылыгын билдирип, 27-январда Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборуна нааразылыгын билдиришкен.

Бул маселе боюнча Жогорку Кеңеште да каршы пикирлер айтылып, парламент менен аткаруу бийлигинин ортосунда кайым айтышуу болду.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2024-жылы 7 102 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 743 адам каза болуп, 10 миң 479 адам ар кандай жаракат алган. 2025–жылдын 11 айында 7 790 жол кырсыгы болуп, андан 795 адам мүрт кетип, 11 миң 210 киши жаракат алган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus