Кыргыз-казак чек арасындагы айрым өткөрмө бекеттерде жүк ташыган машиналардын 20 чакырымга чейин жеткен тыгыны жаралды. Алардын дээрлик теңинде жер-жемиш жүктөлгөн. Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз тарапта маселе жок экенин билдирип келет. Мунун алдында Казакстан өткөрмө бекеттерде көзөмөлдү күчөткөнү белгилүү болгон.