Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

УКМК телефон шылуундарына көмөктөшкөн топ кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) телефон шылуундарына көмөктөшкөн канал жабылганын кабарлады. Маалыматка ылайык, Кыргызстандагы уюлдук операторлордун WhatsApp, Telegram жана Lalafo мобилдик мессенжер аккаунттарын активдештирүү менен алектенген адамдардын тобу мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүп, жарандарды банк карталарын сатууга көндүрүп келишкен.

УКМКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, аккаунттар жана банк карталары Telegram аркылуу "скамерам" деп аталган эл аралык алдамчыларга сатылчу.

"Өздөрүн УКМКнын, Улуттук банктын жана башка мекеме кызматкерлери деп тааныштырган шылуундар жарандарга телефон чалып, аларды террористтик уюмдарга катышы бар деп айыптап, андай уюмдарды каржылаганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын айтып, коркутушкан. Кылмыштуу топ ошондой эле жасалма бланктарды жана кол тамгаларды колдонуп, УКМКнын жетекчилигинин атынан террористтик уюмдарды каржылоого катышкан деген айыптоо менен каттарды жөнөтүшкөн", - деп жазылган маалыматта.

Бул кылмыш ишинин алкагында 16 жаштан 26 жашка чейинки жети адам кармалды. 2008-жылы туулган А.Б.Н. №14 түзөтүү колониясына эки айга эркинен ажыратылды, 2006-жылы туулган А.Э.К., Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды, 26 жаштагы Р.Ш.К. мурда "алдамчылык" беренеси менен бир нече жолу айыпталып, соттолгон, бул жолу УКМКнын тергөө абагына эки айга камалды, 24 жаштагы Ж.К.Р. мурда бир нече жолу соттолгон, "каракчылык", "алдамчылык", "уурулук" беренелери боюнча айыпталган, учурда УКМКнын тергөө абагына эки айга камалды, 21 жаштагы A.у. С. мурда "киши өлтүрүү", "алдамчылык" беренеси менен айыпталып соттолгон, УКМКнын тергөө абагына эки айга киргизилди, 29 жаштагы Ж.С.А. Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камалды.

Дагы үчөө - 16 жаштагы Т.Б.Ш., 17 жаштагы А.А.А. жана 16 жаштагы К. И. ата-энелеринин милдеттенмеси астында бошотулушту.
Коопсуздук кызматы учурда булардын башка шериктерин аныктоо жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган ыкчам иш-чараларды улантып жатат.

Атайын кызмат ошондой эле мобилдик аккаунттарды, банк карталарын жана тиркемелерди башка өлкөлөрдө жайгашкан үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө же сатууга тыюу салынарын эскертип, айрым учурларда бул алдамчылыкка жана башка кылмыштарга кошо катышуу катары саналарын белгиледи.(ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus