Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Жол коопсуздугу минтип түзүлбөйт". Талкуу жараткан автомектеп реформасы

Кыргызстанда менчик автомектептерге байланыштуу соңку күндөрү түзүлүп жаткан абалдан улам 28-январда президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп, түшүндүрмө берди.

Мамлекет башчы бул жааттагы абалды "толугу менен коррупцияга батып калган" деп мүнөздөп, иреттөө тапшырмасын өзү бергенин, реформа ырааттуу жүрүп жатканын айтты. Эң биринчи кезекте мамлекеттик номерлерди, айдоочулук күбөлүктөрдү жана техпаспортторду Кыргызстан чет жактан эмес, өзү чыгара баштаганын, бардык маалымат бирдиктүү базага киргизилип, система толугу менен санарипке өткөнүн, "эми бул чынжырда автомектептер гана калганын" белгиледи.

Жапаров менчик автомектептердин басымдуу бөлүгү "айдоочуну сапаттуу даярдоого кызыкдар болгон эмес, алардын негизги максаты акча табуу" деп айыптады. Айдоочулук күбөлүктү берген “Унаа” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте коррупциялык схемалар иштегенин, менчик автомектептердин бүтүрүүчүлөрү 10-15 жолудан экзамен тапшырып, кайра кулаган фактылар болгонун кошумчалады.

Жол кырсыктарынын көбөйүшүнүн негизги себептеринин бири айдоочулукка даярдоонун жана окутуунун талабы төмөндүгү экенин айткан президент Кыргызстанда мындай кырсыктан жылына 900-1000ден ашык адам каза болуп жатканын мисал келтирди.

Президенттин айтымында, мамлекеттик автомектептерде керектүү шарттар түзүлдү:

"Заманбап окуу базасы, жаңыланган техника, квалификациялуу адистер болот. Окуу китептерин дагы өзүбүз басып чыгарып жатабыз. Айдоочулар жөн гана рулду башкарууну эмес, унаанын тетиктеринен тартып, техникалык түшүнүккө, жол эрежелерине жана эң негизгиси — жолдо жүрүү маданиятына чейин толук даярдыктан өтөт. Бул жерде киреше эмес, адам өмүрү биринчи орунда турат. Мамлекет үчүн эң башкысы — жарандардын коопсуздугу", - деди Жапаров.

Жапаров жогоруда өзү айткан заманбап окуу базасы жана жаңы техника мамлекеттин эсебинен жаңы сатылып алындыбы же менчик автомектептердин мүлкү тууралуу кеп болуп жатабы, тактаган жок. Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев менчик автомектептер мамлекетке алынарын былтыр ноябрда билдирген.

Президент соңку маегинде жеке автомектептерде иштеген адистерди мамлекет жумушсуз калтырбай турганын, алар мамлекеттик автомектептерге ишке кабыл алынарын кошумчалады.

Бирок ал автомектептер кайсы мыйзамдын негизинде, кандай эреже менен мамлекетке өтөрүн түшүндүргөн жок.

Жапаровдун айтымында, айдоочулукка үйрөтүү мектеп программасына да киргизилип жатат.

"Ушул жылдын сентябрь айынан баштап мектептерде жол эрежесин окутуу боюнча сабак кирет. Балдар-кыздарыбыз жол эрежелерин, жоопкерчиликти мектептен эле үйрөнүп чыгышат. Эмдиги жылдан баштап мектепти бүтүп чыккан балдар-кыздар бир күн дагы окубай туруп, түз эле экзамен тапшырганы барып, өтүп кетсе айдоочулук күбөлүк ала беришет. Азыркы ачылып жаткан мамлекеттик мектептер буга чейинки мектеп жашынан өтүп кеткендерди окутуп, айдоочулук күбөлүк берет", - деди өлкө башчы.

Автомектептер жалаң мамлекеттик болсо айдоочулукка үйрөтүү акысы канча болот деген да суроо коюлуп, түрдүү жоромолдор айтылып жаткан эле.

28-январда президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков мамлекеттик автомектептерде курсанттарды окутуунун баасы аныкталганын жазды:

"Азыр эле окутуунун баасы боюнча 19 миң сом болуп расмий чечим кабыл алынды, ал эми практика учурундагы күйүүчү май сыяктуу чыгымдарды окуучулар өздөрү көтөрөт. Бул мурдагы жеке автомектептердеги бааларга салыштырмалуу бир топ арзан. Жеке автомектептерде окуунун жана практикалардын баасы биригип 35-36 миң сомдун тегереги болчу экен".

Кыргызстанда машина айдаганды үйрөтүүчү менчик мектептер иши үзгүлтүккө учуроо коркунучунда экенин алгач былтыр күзүндө айтып чыгышкан. Буга президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин 3-ноябрдагы жыйында 2026-жылдын башынан тартып бардык менчик автомектептер жабыларын, жалаң мамлекеттик автомектептер каларын, окуу 14 ай жүрөрүн айтканы себеп болгон. Туманбаев 5-ноябрда маалымат жыйын өткөрүп, эки күн мурда айткан сөздөрүнө түшүндүрмө берген жана унааларды каттоодогу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдөгү реформалар жөнүндө маалымат берген.

"Менчик автомектептер буга чейин кандай иштеп келген болсо, мурдагыдай эле иштей берет, болгону мамлекетке өткөрүлөт. Ал жерде иштеген кызматкерлер ишсиз калбайт”, – деген ал.

Президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов андан кийин сөз алып, Кыргызстан жол кырсыктары боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде алдыга чыкканын айткан.

Салимжанов быйыл 14-январда жаңы маалыматы менен бөлүшүп, Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк берүүнүн, автомектептерде окуунун жаңы тартиби бекитилгенин билдирген. Анын сөзүнө караганда, ушул жылдан баштап жарандар мамлекеттик автомектептерде окуйт. Бул пилоттук долбоор катары Бишкек шаарында башталып, ага арыздар онлайн кабыл алынат. Тайпалар толгондон кийин ким кайсы автомектепте окуй турганы бөлүштүрүлөт. В категориясы үчүн окуунун мөөнөтү 480 саат же 10 ай, ал эми С категориясындагы күбөлүктү алуу үчүн курсанттар 12 ай окуй турганы маалым болгон. Буга чейин жолдо жүрүү эрежелери боюнча 750 суроо болсо, эми ал 2000ге чейин көбөйтүлгөнү, окуу баасы тууралуу кийинки жумада маалымат берилери айтылган.

Автомектеп ээлеринин нааразылыгынын экинчи толкуну ушул апта башталып, алар окутуу базасы жабылып, иши токтогонун, алдын ала эч кандай эскертүү же түшүндүрүү иштери болбогонун айтып чыгышты. 27-январда алар экинчи күн катары менен "Унаа" мекемесине, Жогорку Кеңешке барышты.

Иши токтоп калганын айтып алар буга Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору ("Унаа") бирдиктүү базаны жаап койгону негиз болгонун билдиришти. Мекеменин автоматташтырылган маалыматтык системасы 23-январда жабылган. База жабылып калганы үчүн алар жаңы курсанттарды кабыл ала албай жатышканы, мунун айынан 350дөй автомектепте 5-6 миң киши жумушсуз калганын айтып нааразылыгын билдиришкен.

Автомектеп ээлери алардын лицензиясын же база менен иштөө укугун сот гана токтото аларын айтышкан.

"Лицензиябызды токтотууга үч айлык мөөнөт берилиши керек. Үч ай ичинде мен сунушталып жаткан 10 айлык менен иштеймби же иштебеймби, балким, мектебимди жаап, жүктөп кетемби, чечим кабыл алышым керек. Мен азыр кол астымдагы кызматкерлерге эмне дейм, имараттын ижара акысын кандай кылам?", - деди "Унаага" барганда Бишкектеги автомектептердин биринин жетекчиси Медербек Тагайбек уулу.

Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, депутат Дастан Бекешев айдоочулук күбөлүк алууга он ай окуу өтө көп деген пикирин айтты. Ушундай эле оюн депутат Кундузбек Сулайманов да билдирип, "булар президентти жаман иштерге аралаштырып алып, туура эмес иштерге кирип кетип жатышат" деди жана комитеттин чечимин чыгарып, парламенттик угуу өткөрүүнү сунуш кылды.

Депутат Болот Ибрагимов айдоочулук күбөлүк алуу тармагын монополия кылуу туура эмес экенин белгиледи:

"Күч түзүмдөрүндөгү коррупцияга каршы узак убакыт күрөшкөн адам катары айдоочулук күбөлүктү берүүдөгү көйгөй мамлекеттик органдар менен автомектептердин кагылышуусунан улам келип чыкканын айта алам. Азыр ИИМ 10–12 айлык окутууну колдоодон мурда коррупцияга жол бергени, күбөлүктөрдү көп жылдар бою сатканы үчүн элден кечирим сурашы керек. Азыр менчик автомектептерди жабуу, күбөлүк берүүнү жана окутууну монополия кылуу такыр туура эмес. Кептин баары мамлекеттик органдардагы коррупцияда. Окутуу курстарында эмес, анын сапатында эмес. Бул маселени кайра карап чыгуу керек. Себеби элде буга байланыштуу чоң түшүнбөстүк болуп, тиешелүү органдар абдан негатив көрүнүп жатат".

Эл арасында нааразылык жаратып жаткан маселелердин бири ушул экенин Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев да айтты. 29-январдагы парламенттик отурумда ал айдоочулук күбөлүк боюнча өкмөттүн реформасына жана кымбатчылыкка байланыштуу коомчулукта бийликке нааразылык күчөгөнүн билдирди:

“Реформа деген мындай болбойт. Реформаны эптеп, “кыргызча” жасап атышат. Министрлер кабинетинин төрагасына баш кылып реформа кандай болот, ал кайсы өлкөдө кандай ишке ашканын бул жакка келсе айтып береличи. Өнүккөн өлкөлөрдө реформалар кандай жасалган, анча-мынча жакшы китептер бар. Ошолорду береличи”, - деди ал.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 5-февралда өкмөттүк саат болуп, Министрлер кабинетинин курамы парламентке келип акыркы талаштуу реформалар боюнча суроолорго жооп берерин айтты.

Президенттин иш башкармалыгы демилгелеген бул реформанын күңгөй-тескейи социалдык түйүндөрдө да кызуу талкуу жаратууда.

Белгилүү юрист Канат Хасанов Фейсбукта бул тууралуу пикирин жазып, автомектеп жөн гана үйрөтөрүнө, ал эми айдоо укугун, айдоочулук күбөлүктү мамлекет берерине, экзаменди мамлекеттик орган кабыл аларына, демек, жоокерчилик биринчи кезекте ошолордо экенине көңүл бурду:

"Ушул жерде биринчи эле жөнөкөй суроо чыгат. Эгер кайсы бир жерде «укуктар сатылган» болсо, анда аны ким берген? Автомектеп айдоочулук күбөлүктү бере албайт. Ал акыркы чечимди кабыл албайт. Документке кол койбойт. Жолго чыгууга уруксат бербейт. Эгер талапкер жол эрежелерин негизги деңгээлде билбесе, эгер теорияны биринчи жолу тапшыра албаса, бирок ошентсе да акырында айдоочулук күбөлүк алып жатса, анда бул суроо автошколага эмес, экзамен системасына жана көзөмөлгө тиешелүү. Тактап айтканда, адамды айдоого ким жол берип жатканына тиешелүү. Жол кырсыктарынын жана өлүмдүн көбөйүшү – бул татаал маселе. Бул жолдордун абалы, инфраструктура, кыймылды уюштуруу, айдоо маданияты, көзөмөл жана жазанын сөзсүздүгү. Мунун баарын автомектептерге эле жүктөө ыңгайлуу, бирок өтө жөнөкөйлөтүлгөн мамиле. Коопсуздук мындай жол менен түзүлбөйт", - деди Хасанов.

2025-жылдагы маалымат боюнча, Кыргызстанда машина айдаганды үйрөтүүчү 74 мамлекеттик жана 266 менчик мектеп катталган. Буга чейин окутуу мөөнөтү 2,5 айды, теориялык сабактардын жалпы баасы 20-35 миң сомдун тегерегинде, ал эми практикасы (15-20 саат) ар бир сабагына 400-1000 сом болуп келди.

Коңшу өлкөлөрдө автомектептерде окуу мөөнөтү 2,5-4 айды түзөт.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus