Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Такси кызматын көрсөтүүгө лицензия берүүнүн мөөнөтү узартылбайт

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Кыргызстанда 7000ден ашык жеке адам жана 300дөн көп таксопарк лицензия алышканын билдирди.

Мекеме такси кызматын көрсөткөндөргө лицензия берүү мөөнөтү узартылбай турганын, 2-февралдан тарта лицензиясы жок айдоочуларды аныктоо боюнча рейддер башталарын эскертти.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкекте эле 70 миң такси бар экенин, лицензия берүүнүн мөөнөтүн дагы узартпаса таксинын баасы кымбаттап, миңдеген киши жумушсуз каларын айтты.

Кыргызстанда 2025-жылдын 22-августунан тартып такси кызматын көрсөткөн айдоочуларды лицензия алууга милдеттендирген жана оң рулдуу машине менен жүргүнчү ташууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирген. Кийин лицензия алуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылган.

Лицензия алуу үчүн автоунааны каттоо жөнүндө күбөлүктүн, машинени башкаруу укугуна ишеним каттын, техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө актынын көчүрмөсү керек. Андан тышкары автоунаа техникалык жана айдоочулар медициналык кароодон өткөнү тууралуу тастыктама, үч жылдан кем эмес айдоочулук стажы бар тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүктүн көчүрмөсү жана соттуулугу жок экенин тастыктаган маалымкат талап кылынат. Оор жана анча оор эмес кылмыштар үчүн соттолгондорго лицензия берилбейт. Оң рулдуу машине менен жүргүнчү ташууга тыюу салынат.

Жаңы талап боюнча, шаар, аймак аралык каттамдарда лицензиясы бар гана таксилер иштей алат. Такси кызматын көрсөтүү үчүн лицензия Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүндө берилет. Акысы жеке жактарга 500 сом, юридикалык жактарга 1000 сом.

Лицензиясы жок айдоочуларга Телеграм каналдар, социалдык тармактар аркылуу кардар топтоого тыюу салынат. Тийиштүү уруксаты жок айдоочу кардар ташыса 7 жарым миң сом, юридикалык жактар 23 миң сом айыпка жыгылат. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus