Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Орусияда мигранттардын балдары бир жылда дээрлик 25% азайганы кабарланды

Орусиянын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) расмий өкүлү Ирина Волк өлкөдө мигранттардын балдары 2025-жылдын башындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу дээрлик 25% азайганын билдирди. Бул тууралуу ал Телеграм каналындагы баракчасына жазды.

Волк белгилегендей, Орусияда балдарын мыйзамсыз алып жүргөн жана балдардын негизги жалпы билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылбаган чет элдик жарандарды өлкөдөн чыгаруу боюнча чечим кабыл алынышы ыктымал.

Ал ошондой эле 28-январдан тартып Орусияда билим берүү мекемелери менен ИИМдин ортосунда чет өлкөлүк балдар тууралуу маалымат алмашууга шарт түзгөн мыйзам күчүнө кирерин эскертти.

"Бул жаңылык Орусияда жашы жете элек чет элдик жарандардын болушун көзөмөлдөөгө багытталган жана Орусия ИИМинин маалымат базасынын негизинде мекемелер аралык кызматташууну камсыз кылат", - деп жазды Ирина Волк.

2025-жылдан баштап орус бийлиги мигрант балдарды мектепке кабыл алуу тартибин катаалдаштырды. Өткөн жылдын 1-апрелинде орус тилин билбеген жана өлкөдө жүрүүсүнүн мыйзамдуулугу текшерилбеген мигрант балдарды мектепке кабыл алууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирген.

Былтыр июнда Адам укуктары боюнча кеңештин башчысы Валерий Фадеев мектепке барбаган мигрант балдардын ата-энелерин Орусиядан чыгып кетүүгө чакырып, "көчөлөрдө жана коомдук жайларда бош балдардын жана өспүрүмдөрдүн чогулушу олуттуу кылмыш факторуна айлануу коркунучун жаратат" деп түшүндүргөн.

Ал эми август айында Мамлекеттик думанын спикери Вячеслав Володин Орусияда башталгыч жана орто мектептерге кабыл алынган мигрант балдардын саны "олуттуу" кыскарганын жарыялаган.

Мигранттардын балдары үчүн тил сынактарын милдеттүү өткөрүүнү талап кылган эрежелер кабыл алынганга чейин Орусияда 785 миңден ашык чет элдик бала болгон. Президенттин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңештин маалыматы боюнча мектептерде окуган чет элдиктердин саны 200 миңден аз болгон.

Акыркы алты айда Орусиядан канча бала кеткени тууралуу ачык маалыматтар жок.
Мигранттар, анын ичинде Орусия жарандыгын алгандар дагы балдарын мектепке киргизе албай жатышканына кайра-кайра даттанып келишет.
16-декабрда Москва облусунун Одинцово районундагы орто мектепте 10 жаштагы окуучу, Тажикстандын жараны Кобилжон Алиев мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.
Орусияда миграциялык мыйзамдардын катаалдашы кыргызстандык эмгек мигранттарынын турмушуна олуттуу сокку урду. Айрыкча мигранттардын балдарын мектепке кабыл алууда киргизилген жаңы талаптар миңдеген үй-бүлөлөрдү тагдыр чечкен тандоого түрттү. Айрымдар балдарын Орусияда окута албай калса, кээ бири айласыздан өлкөдөн чыгып кетүүдө.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus