Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Төрага гимн сынагынан өткөн үч вариант тең начар экенин айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу мамлекеттик гимн сынагынын 2-айлампасынан өткөн үч вариант тең начар экенин жана алар парламенттин жалпы жыйынына чыгарылбай эле четке кагылганын айтты.

Спикер Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин сунушталган үч ырды четке каккан чечими күчүндө калганын билдирди.

“Биз комитеттин мүчөлөрү менен бирге сунушталган гимндин текстин окуп, музыкасын уктук. Тилекке каршы, биз ойлогондой татыктуу гимн жазылган эмес. Андыктан муну комитеттин эле кароосунда артка кайтаруу чечимин кабыл алдык”, - деген төрага жаңы гимнди жазууга сынак уланарын кошумчалады.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин 27-январдагы жыйынына гимнди өзгөртүү үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын өкүлдөрү катышкан. Комиссия мүчөлөрүнүн бири, музыка таануучу Чынара Үмөталиева гимндин текстин да, музыкасын да тандоо оңойго турбаганын, буга чейинки келген варианттардын баары жарабаганын белгилеп, азыркы гимнди калтыруу керектигин айткан.

Мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин Нурланбек Тургунбек уулу 2024-жылы Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада көтөргөн. Ал “мамлекеттик гимн баарына оңой ырдалгыдай жана бирдей ыргакта болушу керек” деген пикирин билдирген. Кийинчерээк бул демилгени президент Садыр Жапаров колдоп, мамлекеттик символду өзгөртүү заман талабы экенин айткан.

Бул сунуш коомчулукта кызуу талаш-талкуу жаратып келатат.

Кыргызстандын гимни 1992-жылы 18-декабрда кабыл алынган. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, обонун Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган.

Гимндин алгачкы варианты үч куплет, бир кайырмадан турат. Бирок 2013-жылы улуттук символиканы өзгөртүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия гимндин экинчи куплетиндеги “бейкуттук” жана “досторуна даяр дилин берүүгө” деген мааниси талаштуу сөздөрдөн улам аны алып салууну чечишкен. Бул өзгөртүү бир топ талаш-тартыш менен коштолгон. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus