Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бишкектин башкы планы боюнча өкмөттүн токтом долбоору коомдук талкууга чыкты

2050-жылга чейин Кыргызстандын борбору Бишкек шаарынын башкы планын бекитүү жөнүндө Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору коомдук талкууга чыкты.

Долбоордо 2025-жылдын 1-январына карата борбор калаада 1 миллион 321 миң адам жашаса, 2050-жылы ал 1 миллион 920 миң кишиге жетип, Бишкекте калктын саны дээрлик 600 миң адамга көбөйө турганы көрсөтүлгөн. Өкмөт бул шаарда инфраструктураны комплекстүү жана алдын ала өнүктүрүүнү талап кыларын билдирди.

Учурда шаардын аймагы 41 миң 81 гектар болсо, 2050-жылга чейин борбор калаанын аянты өзгөрбөй ушул бойдон калат.

Башкы планда Бишкекте жумуш менен камсыз болгон калктын санын 593 миңден 943 миңге чейин көбөйтүү, өнөр жайда, транспортто, курулушта, социалдык чөйрөдө жана тейлөө тармагында 349 миң жаңы иш орундарын түзүү каралган.

Документте шаарды айланып өтүүчү автоунаа жолун салуу, автобекеттерди жана темир жол станцияларын өнүктүрүү, трамвай линиясын салуу жана метробус жүргүзүү сыяктуу пландар жазылган.

2025-жылдын 25-октябрында борбордун 2050-жылга чейинки башкы планы Бишкек шаарынын мэриясынын сайтына жарыяланып, коомдук угуулар өттү. Анда шаардык бийликке 564 сунуш жана сын-пикир түшкөн. Анын жыйынтыгында 144ү толук, 20 сунуш жарым-жартылай эске алынды. 118и четке кагылып, 58 кайрылуу жер мунапысын жүргүзүү маселелерине киргизилди, 50 суроо башкы планга тиешеси жок деп табылды.

Бишкек – Кыргызстандын баш калаасы жана өлкөнүн саясий, экономикалык, илимий, маданий борбору. Бишкекте мамлекеттик бийликтин жогорку органдары, чет өлкөлүк мамлекеттердин элчиликтери жайгашкан. Кыргызстандын өнөр жайынын көпчүлүк бөлүгү орун алган. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus