Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Министрлик “Камбар-Ата-1” ГЭСине донорлор 2,5 млрд доллар салууга кызыкдар экенин билдирди

Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясы (ГЭС) долбооруна 9 донор 2,5 млрд доллар салууга кызыкдар экенин билдирди.

Министрлик ГЭСтин плотинасынын тиби аныкталып, аны ишке ашырууга Дүйнөлүк банк мурда бөлгөн 5 млн долларга кошумча дагы 13,6 млн доллар бергенин, бул банк ГЭСтин негизги курулушуна үч мамлекет үчүн (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан) 1,5 млрд доллар бөлүүнү да караштарып жатканын кошумчалады.

Үч өлкөнүн өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоору 2025-жылдын 30-сентябрында Казакстандын жана Өзбекстандын Энергетика министрликтерине жөнөтүлүп, коңшу эки мамлекеттин сунуштары жана сын-пикирлери келген.

Мекеме “Камбар-Ата-1” ГЭСи боюнча буга чейин аткарылган жумуштар тууралуу да маалымат берди. Бишкек–Ош автожолунун 318-чакырымынан Прорез №2ге чейинки 8,6 км бетон жол салынды. Прорез №2ден “Камбар-Ата-1” ГЭСке чейинки 4,7 чакырым бетон жолдун 4 км бүтүп, 85% жумуш аткарылган. 100 адамга эсептелген жумушчулар шаарчасынын курулушу 60–70% аяктады.

“Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Компания “Камбар-Ата-1” ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт. Буга чейин айрым депутаттар менен энергетиктер үлүштөрдүн пайызы боюнча тынчсыздануусун билдиришкен.

ГЭСти куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала эсеп боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus